Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:58

"Сотко эми адвокатым эле катышат". Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим сегиз айдан соң мекенине кайтты


Сүрөт Азамат Нурмат уулунун Фейсбуктагы баракчасынан алынган.
Сүрөт Азамат Нурмат уулунун Фейсбуктагы баракчасынан алынган.

Түркияда жогорку билим алып, ал жактын мамлекеттик дипломун алган соң мекенине кайтып, мугалимдик кесипти ийгиликтүү аркалаган Азамат Нурмат уулу Стамбулда дээрлик сегиз ай созулган үй камагынан бошонуп, мекенине кайтып келди. Сот уланууда. Өзү түрк бийлиги койгон айыптарды толук четке кагууда.

"Түркиянын аймагынан чыгууга чектөөм алынды"

Азамат Нурмат уулу Кыргызстанга 12-декабрда кайтып келди. Келер замат Ошко, үйүнө жөнөгөнүн, азыр ошол жакта экенин "Азаттыкка" 13-декабрда билдирди.

Кармалган күндөн тартып Стамбулда болгонун, камактан бошогондон кийин дээрлик эч жакка чыкпаганын, анткени үй камагы деген бөгөт чарасынын талаптарына ылайык башка өлкөгө чыгуу укугу болбогонун, эгер чыгууга аракет кылса полиция аны кармап кетмегин айтып берди. Үй-бүлөсү жанына кийин барган.

Нурмат уулунун билдиришинче, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында анын аталган өлкөдөн башка жакка чыгуусуна коюлган чектөө алынып, мекенине кайтуусуна жол ачылган.

Кыргызстандык мугалимдин иши боюнча түрк тараптын териштирүүсү уланып жатат, кийинки соттук отурум келерки жылдын 27-январына дайындалган. Айтымында, Түркияда ага коюлуп жаткан айыптардын биринин жаза чарасы кеминде алты жылдык абак. Маектешибиздин укугун коргоо ишин Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги менен кызматташкан түркиялык адвокат жүргүзүүдө.

"Экинчи отурум январда болот. Териштирүүнүн жүрүшү канааттандырууда. Адилеттүү эле карап жатышат", - деди Нурмат уулу жана январдагы сот отурумуна өзү эмес, адвокаты катышарын кошумчалады.

Азамат Нурмат уулу жакындары менен. 2025-жылдын декабры.
Азамат Нурмат уулу жакындары менен. 2025-жылдын декабры.

Быйыл июнь айында "Азаттыкка" курган маегинде Азамат Нурмат уулу үй камагына чагыралгандан кийин Стамбулда батирди жакын санаалаштары чогултуп көрсөткөн каржылык колдоонун эсебинен ижарага алып жашап жатканын, жергиликтүү адвокаттардын кызматы үчүн да өзү төлөөгө аргасыз экенин айтып берген. Мекенинин, кыргыз бийлигинин жардамына, иштин акыйкат чечилишине үмүтү чоң экенин билдирген.

Ал Түркияга окуучуларын эл аралык олимпиадага алып барганда кармалганы белгилүү. Мугалимдик иши эмне болуп жатканы тууралуу сурообузга Нурмат уулу:

"Аны сүйлөшө элекпиз, эч ким чала элек. Азырынча белгисиз. Бул жылкы эмгек келишимимдин мөөнөтү август-сентябрда аяктады, аны жаңылаган жокмун. Азыр Оштомун, айылда, өз үйүмө келдим", - деп жооп берди.

Алгачкы соттук отурум 30-сентябрда Стамбул шаарында өткөн. Анда судья ишти кайра тергөөгө жөнөткөнү жана кийинки соттук жараянды келерки жылдын январь айына белгилегени маалым болгон.

Коюлган кине

Азамат Нурмат уулу быйыл 20-апрелде Бишкектеги Zeen Education борбору аркылуу Түркиянын Анталия шаарына алты окуучусун математика сабагы боюнча эл аралык олимпиадага алып баратканда Стамбул аэропортунан кармалган. Аны чек ара кызматкерлери кармап, Стамбул шаарындагы “Малтепе” абагында кармап турушкан, май айында эч жакка кетпөө шарты менен эркиндикке чыгарышкан.

Кыргызстандын Агартуу министрлиги Zeen Education компаниясы менен 20-апрелде Кыргызстандан 36 окуучу, 4 ата-эне жана 3 мугалимден турган делегация олимпиаданын уюштуруучуларынын чакыруусу менен Анталияга барганын кабарлаган. Окуучулар жана башка мугалимдер 25-апрелде Кыргызстанга кайтып келген.

28-апрелде Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Азамат Нурмат уулу түркиялык диниятчы Фетхулла Гүлендин “Хизмет” ("Кызмат" - Түркия “Фетхуллачы террордук уюм” же ФЕТО деп жарыялаган - ред.) кыймылына байланыштуу кармалганын билдирген.

Алмаз Имангазиев
Алмаз Имангазиев

“2016-жылы Түркияда аскердик төңкөрүш кылуу аракети болгон. Азамат Нурмат уулу ошол күндөрү Түркияда бир жатаканада жашап, бир уюлдук тиркемени колдонуптур. Ал көбүнчө Фетхулла Гүлендин колдоочулары колдонуп жүргөн программа экен. Ошонун негизинде Түркия Нурмат уулуна өлкөнүн ичинде издөө жарыялап, кармаптыр".

Түркиянын укук тартибин коргоо органдары кандай айыптарды тагып жатканын Азамат Нурмат уулу быйыл июнь айында “Азаттыкка” курган маегинде кенен айтып берген.

"Мага коюлган айыптарга макул эмесмин"

Анын билдиришинче, козголгон иштин алкагында коюлган айыптардын эң башында Bylock деген мобилдик тиркеме турат. Кадимки WhatsApp сыяктуу эле кат алмашуу үчүн бул тиркемени телефонуна көчүргөнү чын экенин, бирок аны дээрлик колдонбогонун, себеби анча маанилүүлүгү жок болгонун белгилеген Нурмат уулу кийинки айып Dermek деген жаштар уюмуна байланыштуу экенин айткан.

Бул уюм ар өлкөлөрдөн барып, Газиантепте окуп жаткан студенттердин башын кошуп футбол ойнотуп, улуттук тамак-аш жарыштарын уюштуруп келген экен.

"Мени ошол уюмга мүчө болгонсуң, анын жатаканасында түнөпсүң деп айыпташты. Бирок ал уюмдун деле анча коркунучтуу, коомду бөлүп-жаруучу максаттарын көргөн эмесмин. Андан сырткары мурдагы BankAsya деген банк бар эле, менин ал жерде банктык эсебим бар болчу. Андан сырткары Түркиянын башка банкына да катталгам. Алар аркылуу ата-энем эсебиме акча салып турган. Мен ал кезде студент элем", - деген Нурмат уулу.

Азамат Нурмат уулу азыр 32 жашта. Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Он Эки-Бел айылында туулган. Кызыл-Кыядагы Исхак Раззаков атындагы кыргыз-түрк лицейинде билим алып, аны 2010-жылы аяктаган. Кийин, 2016-2017-жылдары Түркиянын Газиантеп университетинде математика факультетин окуп бүтүргөн соң Кыргызстанга кайтып келген. Соңку жылдары Каракол шаарындагы Кусеин Карасаев атындагы лицейде математика сабагынан мугалим болуп иштеп жаткан. Анын окуучулары арасында алтын сертификат алгандары, чет өлкөлөрдө математика сабагынан уюштурулган эл аралык олимпиадаларда алдыңкы орундарга ээ болгондору бар.

"Газиантептеги университетти 2017-жылы бүтүргөм. Ошондо түрк бийлиги менин колума дипломумду карматып, эми мугалим боло аларымды, эл агартуучулук иштерди аткарууга толук даярдыгымды билдирип, мекениме жөнөткөн. Мага каршы кылмыш иши 2019-жылы, мен Түркиядан кеткенден кийин ачылыптыр. Албетте, мага коюлган айыптарга макул эмесмин. Себеби ал убакта мен катардагы студент болчумун, ал жакка билим алганы гана баргам, аны түрк бийлиги өзү да кубаттап, жогорку билимиң бар деп тастыктаган дипломун берип жатпайбы. Анан эле менин түшүмө кирбеген айыптарды коюп жатышы абдан таңкалыштуу", - деп айтып берген ал бизге курган маегинде.

Түркиядагы саясий окуялардын эпкини

2016-жылы 15-16-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, буга байланыштуу үч жүздөн ашык адам набыт болгон. Түрк өкмөтү бул төңкөрүш аракети үчүн АКШда бозгунда жашаган Фетхулла Гүленди күнөөлөп, Вашингтондон аны өткөрүп берүүнү талап кылган жана анын кыймылын ФЕТО (“Фетхуллахчы террордук уюм”) деп жарыялаган. Гүлен өзү жана тарапкерлери дооматтарды четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик өзү атайылап уюштурган деп жооп кайтарган. Гүлен 2024-жылдын октябрь айында 83 жашында АКШда каза болгон.

2024-жылы 31-декабрда Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү белгилүү болгон. Эртеси күнү “Сапат” лицейлеринин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшүндө мыйзам бузуу болгонун жана “өз укугун мыйзам негизинде, эл аралык укук талаптарына ылайык коргоо боюнча аракет көрөрүн” билдирген.

Түркиянын Билим берүү министрлигине караштуу “Маариф” фонду (Türkiye Maarif Vakfı) 2016-жылы түзүлгөн. Уюм 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектебин ачкан. Түрк бийлиги 2016-жылы Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген.

2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан "Себат" билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, Түркияда соттолгон.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG