Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:28

"Үкөктү окопко көтөрүп барышабы?" Украиналыктар согуш шартында шайлоо өткөрүүгө каршы


Согуш майданындагы украиналык жоокер. Донецк облусу, 26-октябрь, 2025-жыл
Согуш майданындагы украиналык жоокер. Донецк облусу, 26-октябрь, 2025-жыл

мазмуну

  • Киев европалык өнөктөштөр менен кеңешкенден кийин АКШга тынчтык планынын соңку вариантын өткөрүп бергени кабарланды. Украина бул маалыматты расмий түрдө бышыктай элек. Ал арада АКШнын президенти Дональд Трамп Украина шайлоо өткөрүүгө тийиш деп кайталады.

Сурамжылоолор көргөзгөндөй, украиналыктардын жарымынан көбү мамлекет башчы Владимир Зеленскийди колдойт. Басымдуу бөлүгү согуш шартында шайлоо уюштуруу туура эмес деп эсептейт.

"Вашингтон тынчтык планын тезирээк жактырууну көздөйт"

Axios басылмасы жана Bloomberg агенттиктери украиналык аткаминерлерге шилтеме менен кабарлагандай, тынчтык планынын соңку варианты бир катар сунуштар менен комментарийлерди камтыйт. Анын ичинде аймактар жана Запорожье АЭСи боюнча талаштуу маселелерди чечүүнүн жаңы идеялары айтылган.

Апта башында украин президенти Владимир Зеленский сүйлөшүүлөргө катышып жаткан делегациялар «сезимтал маселелер», анын ичинде коопсуздук кепилдиктери жана Украинанын чыгыш облустарын көзөмөлдөө боюнча мунаса таба албай жатканын билдирген.

Бейшембиде тараптар АКШ сунуш кылган долбоордун айрым пункттарын талкуулоону улантмакчы. Маалыматка караганда, бул жолку жыйын онлайн форматта өтөт.

Ал арада Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп согушту жөнгө салуу маселесинде европалык лидерлер менен пикир келишпестиктер бар экенин жашырган жок. Ал шаршембинин кечинде Франция, Германия жана Британиянын лидерлери менен телефондон сүйлөшкөн.

"Алар ушул дем алыштарда Европада жолугушуу өткөрүүнү каалашат. Алардын сунушуна жараша чечим кабыл алабыз. Убактты текке кетиргибиз келбейт. Кээде адамдарга маселелерди өз алдынча чечүү мүмкүнчүлүгүн бериш керек, кээ бир учурда андай кылбаш керек. Экинчи жагынан өздөрү чечсин десеңер жумасына миңдеген кишини жоготуп жатышат. Бул акылга сыйбайт, абсурд".

Маалыматка караганда, кеп болгон жолугушууга Зеленскийдин да катышуусу пландалган.

The Wall Street Journal гезити 10-декабрдагы макаласында тынчтык планын макулдашууга, майданда олуттуу бир өзгөрүүлөр болбосо эле “апталар, атүгүл айлар” кетет деген европалык расмий адамдардын сөздөрүн келтирет.

“Америкалыктар жыйынтыкка ыкчам жетүүнү көздөгөнүн билебиз. Экинчи жагынан талкууланып жаткан маселелер канчалык татаал экенин эске алганда, тез жыйынтыкка жетүүнү элестетүү кыйын”, - деп айтты басылма менен маектешен аткаминер.

Ошол эле маалда Трамп администрациясындагы булактар Вашингтон Киевге басым көргөзүп, Украинанын кызыкчылыгына төп келбеген келишимге көндүрүү аракетин жасап жатат деген маалыматты төгүндөдү.

Financial Times буга чейин Ак үй америкалык президент Крисмас майрамына чейин мунаса табууга үмүттөнгөнүн жазган.

Politico басылмасына берген интервьюда Трамп Орусия ушу тапта майданда артыкчылыкка ээ болуп турганын белгилеп, Зеленскийди АКШнын тынчтык планына тезирээк көнүүгө чакырган.

Украиналыктардын 10% гана шайлоону азыр өткөрүү керек дейт

Шаршемби күнү америкалык президент ошондой эле украин лидери реалист болууга тийиш, Украинада жемкорлук жайылган, шайлоо өткөрүлүшү керек деп кайталады.

9-декабрда Трамп Politico менен маектешкенде Украинада көптөн бери шайлоо өтө электигин, бул -демократиялык принципке төп келбей турганын айткан.

Шейшембинин кечинде журналисттердин суроолоруна жооп берген Зеленский добуш берүүнүн коопсуздугу камсыздалса, аны 60-90 күндүн ичинде өткөрүүгө даярдыгын, согуш абалында шайлоо уюштуруу үчүн парламенттен мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү өтүнөрүн айткан.

10-декабрда Зеленский Жогорку Раданын өкүлдөрү менен маселени талкуулаганын жана депутаттардын сунуштарын күтүп жатканын билдирди:

"Мен Украинага каршы эч кандай спекуляцияларга жол бербейм. Өнөктөштөр, анын ичинде Вашингтондогу негизги өнөктөшүбүз Украинадагы шайлоо, согуш абалы учурундагы шайлоо тууралуу ушунча көп жана конкреттүү түрдө сөз кылып атса, биз ар бир суроого жана күмөн саноого жооп кайтарууга тийишпиз".

Киевдеги Эл аралык социология институтунун сурамжылоосуна ылайык, коррупция жаңжалдарына карабай украиналыктардын 55% Зеленскийге ишенет. Көбү согуш жүрүп жаткан маалда шайлоо өткөрүүгө каршылыгын айтышат. Бул тууралуу институттун аткаруучу директору Антон Грушецкий билдирди:

"Учурда украиналыктардын 10% гана шайлоону азыр, согуш шартында өткөрүү зарыл, майдан тилкесинде да добуш берсе болот деп санайт. Басымдуу көпчүлүгү шайлоо тынчтык келишимине кол коюлгандан же жок дегенде ок атуу токтогондон кийин, коопсуздук кепилдиктери берилгенде болушу керек деп айтышат. Бирок 50% ашууну тынчтык келишимине кол коюлганда гана өтсүн деген пикирди карманат. Украиналыктар шайлоону учурда уюштуруу зарылчылыгы жок деп эсепешет".

Айткандай эле Рейтер агенттиги сөзгө тарткан Киевдин тургундары ушул ойго кошулат:

"Согуш абалында шайлоо өткөрүлбөйт деп мыйзамда бекитилген. Трамптын эмне каалаганы анын өзүнүн иши. Ал Украинага тиешеси жок таптакыр башка өлкөнүн президенти. Согуш абалы алынып, биз жеңгенден кийин мыйзамга жараша шайлоо өткөрүүнү колдойм", - деди Лана аттуу дүкөнчү.

Пенсионер Роман дагы буга үндөш пикири менен бөлүштү:

"Менин жеке оюмдун азыр эч кандай ысык-суугу жок. Окоптордо согушуп жаткан адамдар добуш бериши керек болот. Шайлоо үкөктөрүн окопторго көтөрүп барышабы? Менимче, адегенде урушту аяктап, анан шайлоо уюштуруу зарыл".

Президенттик мөөнөтү 2024-жылы соңуна чыккан Зеленский жана башка жогорку расмий өкүлдөр орус аскерлери күн сайын абадан сокку уруп жаткан, миллиондой киши майданда жүргөн, дагы миллиондогону жер которуп качкынга айланган шартта шайлоо өткөрүү идеясын четке кагып келген. Анын үстүнө ушу тапта Орусия Украина аймагынын дээрлик 20% ээлеп турат.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG