Ак үй өткөн аптада шардана кылган Улуттук коопсуздук стратегиясы (NSS) “Биринчи кезекте Америка” деген позиция менен маалымат каражаттарынын көңүл чордонуна чыкты. 33 барактан турган документте “Кошмо Штаттар бүтүндөй дүйнөлүк тартипти кармап турган заман артта калганы” айтылат. Анда Еврошаркеттин дарегине сын жаңырып, Орусия менен “стратегиялык стабилдүүлүктү” калыбына келтирүү зарылдыгы белгиленген. Бул жагдай Москванын кубаттоосуна туш болду.
Ал эми мындан көлөмдүү, 3086 баракка жазылган Улуттук коргонуу мыйзамында (NDAA) Вашингтондун Европа алдындагы аскердик чыгымдар милдеттенмелерин азыркыдай кармап туруу зарылдыгы жана Орусиянын Кытай жана Түндүк Корея менен чалгын маалыматтарын алмашып туруусуна көңүл буруу керектиги айтылган.
Трамптын артыкчылыгы: Америка жана Кытай
Улуттук коопсуздук стратегиясынын регионалдык приоритеттерге арналган бөлүгү Батыш жарым шарынан башталып, Азияга өтүп, андан ары Европа жана Жакынкы Чыгыш тууралуу айтылат.
“Трамптын Улуттук коопсуздук стратегиясы – АКШны чаржайыт концепцияга байлаган ондогон жылдардан бери уланып келаткан “стратегияларды” оңдоо зарылчылыгынан келип чыккан”, - деп жазды Трамптын биринчи администрациясында Улуттук коопсуздук кеңешинде иштеген Александр Грей.
Башка байкоочулар аймактарды тизмеге жайгаштыруу тартиби Ак үйдүн артыкчылыгын түздөн түз чагылдырарын белгилешет.
“Батыш жарым шарындагы тышкы саясатка өзгөчө көңүл буруу чечими, албетте, ички артыкчылыктуу маселенин бири – мыйзамсыз иммиграцияга каршы күрөшүү максатына жетүүгө багытталган”, - деген пикирин айтты Хадсон институтунун улук изилдөөчүсү Оливия Энос.
Анын айтымында, Кытай саясаты да ички саясий көйгөйлөргө байланган.
“Кеп реиндустриализация тууралуу жүрүүдө. Бардыгы экономикалык коопсуздукка барып такалат”, - деп айткан изилдөөчү адам укуктарын бузууга байланыштуу комментарийлердин жоктугун белгилейт.
Муну жашырбаган Ак үй: "Биз демократиялык же башка социалдык өзгөртүүлөрдү таңуулабай, дүйнөдөгү бардык өлкөлөр менен жакшы мамилелерге жана тынч соода байланыштарга умтулабыз", - деп билдирди.
Стратегияда Кытай менен экономикалык алакаларды “тең салмактоо” максаты тууралуу айтылганы менен Бээжин менен Москванын өнөктөштүгүнө да көңүл бурулган.
Мындан айырмаланып, Улуттук коргонуу мыйзамы америкалык чалгын кызматтарын “Орусия менен Кытай эл жумуриятынын аскердик кызматташтыгына, анын ичинде коргонуу тармагындагы соодасына, биргелешкен машыгууларга, чалгын маалыматтарын бөлүшүп туруусуна баа берүүгө" үндөйт. Эки документ тең Тайванга колдоо билдирет.
Европа
Улуттук коопсуздук стратегиясында “цивилизациялык жол менен жок болууга” туш болот деп мүнөздөлгөн Европада документ талаш-тартыш жаратты.
Анда айтылгандай, Европанын саясаты “саясий эркиндикке жана суверенитетке көлөкө түшүрөт, миграциялык саясаты континетти өзгөртүп, жаңжалдарга, сөз эркиндигинин цензурасына, саясий оппозицияны басууга, балдардын аз төрөлүшүнө, улуттук нарк-насилди жана өзүнө болгон ишенимди жоготууга алып келүүдө”.
Мындай риторика АКШнын вице-президенти Жэй Ди Вэнстин февралда Мюнхенде сүйлөгөн сөзүн эске салат. Саясатчы ошондо президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды деп Румынияны сындаган. Бул - оңчул партияларга эркиндиктер берилбейт деген АКШнын дооматы катары чечмеленген.
“Сөз эркиндигинин цензурасы” деген сын, сыягы, Еврошаркеттин америкалык социалдык тармактарга каршы аракеттеринен улам айтылып жатат.
НАТОнун өткөн жумадагы саммити алдында АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Кристофер Ландау биримдиктин Х социалдык түйүнүнө салган айып пулга байланыштуу катуу реакциясын билдирген.
“Ал өлкөлөр НАТОнун мүчөсүбүз деп, трансатлантикалык кызматташтык биздин орток коопсуздугубуздун пайдубалы деп айтышат. Ошол эле маалда Еврошаркетке киребиз деп, көп учурда АКШнын кызыкчылыгына каршы келген максаттарды көздөшөт”, - деп жазган Ландау.
Улуттук коопсуздук стратегиясына байланыштуу Европанын кызуу реакциясы уланууда. 8-декабрда Еврокеңештин төрагасы Антонио Кошта Вашингтонду “европалык саясатка кийлигишүү коркунучу” үчүн айыптады.
“Сөз болгон стратегия Европага өнөктөш катары карайт. Бул жакшы. Бирок биз өнөктөш болсок өнөктөштөрдөй аракеттенишибиз керек”, -деп айтты Брюсселдин өкүлү.
Лондондогу Падышалык коллеждин аналитиги Сэм Грин “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиргендей, “бул стратегия трансатлантикалык альянстын аягынын башталышын туюндурат. Европа АКШ сунуш кылган шартта мамиле курууну кабыл ала албайт. Атап айтканда, АКШ европалык коопсуздуктун алкагын, Европанын ички саясатынын мазмунун аныктап, ошол эле маалда жүктү тең бөлүшүүнү көздөйт”.
Трамптын администрациясы коргонууга кеткен чыгымды көбөйтүү талабын европалыктарга көптөн бери коюп келатат.
Орусия жана Украина
Улуттук коргонуу мыйзамында АКШ “Орусия тараптан агрессияны алдын алуу” үчүн Латвия, Литва жана Эстониянын куралдуу күчтөрүнө көрсөткөн колдоосун улантары каралган.
Улуттук коопсуздук стратегиясында Орусия буга чейинки версиялардан айырмаланып, коркунуч же атаандаш катары аталбайт. Бул жагдай түшүнбөөчүлүккө жем таштады.
“Менимче, Кытай, Орусия, Иран жана Түндүк Корея атаандаштардын бир тобуна кириш керек болчу”, - деп айтат бир кездери НАТО жана АКШнын чалгын мекемелеринде жогорку кызматтарды ээлеген Дэвид Кэттлер.
Анын пикиринде, Ак үйдүн стратегиясы “Орусиянын жүрүм-туруму кооптуу болгону менен, сүйлөшүүлөр аркылуу аны түзөтсө болот деген ойду чагылдырат”.
Документте Европа Орусияны коркунуч катары баалары айтылып, Украинада тынчтык орнотуу аракеттери “Орусия менен стратегиялык стабилдүүлүктү калыбына келтирүү” жана Украинанын мамлекет катары жашап кетүүсү үчүн маанилүү деп белгиленет.
Бул – Орусиянын Украинага каршы агрессиясын токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндөгү бир катар позицияларга дал келет. Жакында Вашингтон Орусияга салынган санкцияларды алууну сунуш кылган. Мамлекеттик катчы Марко Рубио тынчтык орнотуу келишими Украинанын “узак мөөнөттүү өркүндөөсүн” көздөрүн билдирген.
Кэттлердин көз карашында, стратегия бир нече тенденцияны чагылдырат:
“АКШнын Орусияга жумшак мүнөздөмө берүүсү, Украинадагы кырдаалды тез жөнгө салуу артыкчылыгы жана Европанын өзүнө кам көрүүсү жаңы көрүнүштөр эмес. Бирок бардыгы биригип, борборлоштурулган структуралардан баш тарткан дүйнөлүк тартипке алып келет".
Макаланын оригиналы бул жерде.
Шерине