Дүйшөмбүдө украин президенти Владимир Зеленский Лондондо Британия, Франция жана Германиянын лидерлери менен жолукту.
«Биз Америка тарап менен биргелешкен дипломатиялык аракеттерибизди талкууладык, коопсуздук кепилдиктери абдан маанилүү деген орток позицияны, реконструкция иштерин жана эмки кадамдарды макулдаштык. Украинанын коргонуу тармагына колдоону улантуу маселесин өзүнчө сөз кылдык», - деп жазды Зеленский кездешүүдөн кийин Телеграм-каналына.
Украин президенти согушка чекит коюу үчүн Европа, Киев жана Вашингтондун биримдиги өзгөчө маанилүү болуп турганына токтолду.
Немис канцлери Фридрих Мерц Кошмо Штаттардын согушту токтотуу позициясындагы айрым аспектилерине макул эместигин айтып, бирок анын чоо-жайын ачыктаган жок.
"Бул баарыбыз үчүн чечүүчү учур болуп калышы мүмкүн. Ошон үчүн Украинага колдообузду улантып жатабыз. Экинчи жагынан Москвадагы сүйлөшүүлөргө байкоо салуудабыз. Зеленскийдин ошол жолугушууларга кандай баа берерин күтүп жатам. Украинаны чечкиндүү колдойбуз, себеби ал өлкөнүн келечеги кандай болсо, Европанын тагдыры да ошондой болот. АКШ тараптан сунуш кылынган айрым документтердин деталдары скептикалык маанай жаратууда. Биз аны талкуулашыбыз керек".
Франциянын мамлекет башчысы Эммануэл Макрон санкцияларга туш болгон орус экономикасы зыян тартып жатканын, Европанын колунда азыр “көзүрлөр көп экенин” белгиледи.
Кездешүүдөн кийин Елисей сарайы жасаган билдирүүдө АКШнын сунушуна негизделген долбоордун үстүнөн ишти улантуу ниети тууралуу айтылат.
Байкоочулар белгилегендей, европалык лидерлер узак мөөнөттүү кепилдиктер, Киевге аскердик жардамды туруктуу берип туруу каралган баскыч-баскыч менен жүргүзүлчү дипломатиялык жараянды жактайт. Ал эми президент АКШнын президенти Дональд Трамп келишимге тезирээк жетүүгө басым жасайт.
Axios басылмасы украиналык эки булакка шилтеме менен жазгандай, Вашингтон Зеленскийди аймактык чегинүүлөргө барууга көндүрүү үчүн кысымын күчөттү.
Ошол эле маалда америкалык булак муну четке кагып, АКШ орус президенти Владимир Путинге да талаптарын жумшарттыруу үчүн басым кылып жатканын билдирди.
Басылманын маалыматына караганда, ушу тапта сүйлөшүүлөрдүн чордонунда эки маселе турат. Атап айтканда, Орусиянын Донбассты, анын ичинде украин аскерлеринин карамагындагы жерлерди өткөрүп берүү талабына жана орус тараптын болочокто агрессиясын алдын алуу үчүн Украинага коопсуздук кепилдиктерин берүү маселесине көп көңүл бурулуп жатат.
Өз кезегинде Politico онлайн басылмасы атын атабаган европалык жогорку расмий адамга шилтеме менен америкалыктар Украина Донецк жана Луганск облустарын камтыган Донбасстан чегинүүгө тийиш деп эсептешерин жазды.
Жекшембиде Трамп Украинанын сүйлөшүүлөргө катышкан делегациясы АКШнын тынчтык планына курсант болгонун, бирок Зеленскийдин ал долбоорду окубаганы өкүндүрөрүн айткан.
4-декабрда Путин India Today басылмасына курган маегинде эгер украин аскерлери Донбасстан чыкпаса, Москва аны күч менен аларын айткан.
Украина ушу тапта ал жердин 10 пайыздайын көзөмөлөп турат.
8-декабрда Владимир Зеленский америкалык тараптын аракетине карабай, айрым маанилүү маселелер боюнча мунаса табыла электигин билдирди. Анын айтымында, баштапкы планда 28 пункт болсо, азыр 20сы калды, ачыктан ачык укрианага каршы багытталган жерлери алынып салды.
“Украинанын мыйзамдары, Конституциябыз, эл аралык укук жерлерибизден баш тартууга жол бербейт. Чынын айтсам, моралдык укугубуз да жок. Орусия албетте аймактарыбызды берүүнү талап кылууда. Биз албетте бергибиз келбейт”.
Зеленскийдин бул сөздөрүн «Суспiльне» интернет басылмасы жазды.
Трамптын сыны
9-декабрда АКШнын президенти Дональд Трамп Politico басылмасына берген маегинде Украинада президенттик шайлоо өткөрүү керектигин айтты.
“Аларда көптөн бери шайлоо өтө элек. Демократия жөнүндө айтып жатышат, бирок азыр демократия болбой турган жагдайга баратат”, -деди Трамп.
Ошол эле маалда ал шайлоо өтсө, Украинанын азыркы президенти Владимир Зеленский кайрадан жеңип чыгышы мүмкүн экенин да билдирди.
Буга чейин да Трамп Украинаны шайлоо өткөрүүгө чакырып, Зеленскийди "диктатор" деп атаган.
Politico менен маегинде Трамп АКШ ортомчулук кылган тынчтык сүйлөшүүлөрү тууралуу да сөз козгоп, Орусия Украинага караганда күчтүү позицияда болгону "шексиз" экенин айтты.
Ал Евробиримдиктин согушту токтотуу аракеттерин сынга алып, Зеленскийдин Крымды кайтаруу жана НАТОго кирүү аракеттери “Орусияга чагым болушу мүмкүн” деп билдирди. Трамп шаркет лидерлерин "алсыз" деп, ага кирген өлкөлөр "артка кетип" жатканын айтты.
Трамп бул маегинде да АКШнын мурдагы президенти Жо Байдендин администрациясын катуу сынга алды.
Маалымат каражаттары 28 пункттан турган баштапкы документ негизинен Орусиянын позициясын чагылдырганын жазышкан. Анда асыресе Украина аскерлерин Донбасстан чыгарып кетүүгө, армиянын санын азайтууга, НАТОго кирүү планынан баш тартууга тийиш деп айтылган. Сөз болгон долбоорго Украинанын жана Европанын делегациялары менен Женевадагы жана Флоридадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин түзөтүүлөр киргизилген.
Пландын өзгөртүлгөн варианты шардана кылынган жок. Киевдин өкүлдөрү аны мурдагыга караганда оң баалаган.
2-декабрда Путин АКШнын чабармандары менен тынчтык планын талкуулаган соң Кремлдин өкүлү Юрий Ушаков: “Украина боюнча планда толук мунаса табыла элек, америкалык тараптын айрым сунуштары менен Орусия макул, айрымдары туура келбейт”, - деп айтып, “аймактар маселеси тууралуу сөз болгонун” тактаган.
Лондондон кийин украин президенти Брюсселде НАТОнун жана Еврошаркеттин жетекчилери менен кезедешип, шейшембиде Римге аттанды. Ватиканда Рим папасы Леон IV менен жолугушканада понтифик “адилет жана туруктуу тынчтык орнотуу үчүн” диалогду улантуу зарылдыгына басым жасады.
Азыркы тапта Орусия Украина аймагынын 19,2% көзөмөлдөйт. 2022-жылы Орусия "референдум" өткөрүп, анын жыйынтыгында Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарын өз аймагы деп жарыялаган.
Киев жана дүйнөнүн басымдуу көпчүлүгү бул аймактарды жана Крым жарым аралын Украинаныкы деп тааныйт.
Шерине