Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:27

Муниципалдык инспекциянын жетекчисин сабагандар камалды


Мирлан Таалайбековду сабоого шектүүлөр камакка алынды
Мирлан Таалайбековду сабоого шектүүлөр камакка алынды

Ак-Ордо конушунда Бишкек шаардык муниципалдык инспекциянын башчысы Мирлан Таалайбековдун автоунаасын сүзүп алган төрт киши Ленин райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Кылмыш-жаза кодексинин 280- беренесине ("бейбаштык") ылайык кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Таалайбековду ур-токмокко алууга шектүү 1997-жылы туулган Ж.А., С.А., Э.А. жана С.Э. камакка алынды.

Маалыматка караганда, 25-октябрда түнкү саат 02:00до Ак-Ордо конушунун Өмүр жана Долон Бий көчөлөрүнүн кесилишинде жол чыракта токтоп турган Мирлан Таалайбековдун BMW үлгүсүндөгү автоунаасын Toyota Will машинеси сүзүп, анда отурган төрт киши Таалайбековду сабаганы айтылат.

Милициянын билдиришинче, медициналык аныктамага ылайык, төрт жаран тең спирт ичимдигин ичип алган.

Мурда Бишкек шаарынын жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматкери болуп иштеген Мирлан Таалайбеков июль айында инспекциянын жетекчиси болуп дайындалган. Ал ишкананын ишмердиги, жүргүзгөн рейддик иш-чараларды социалдык тармактарга байма-май жарыялап турат.(KS)

Шерине

XS
SM
MD
LG