Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы быйылкы жылдын 9 айында жарандардан жана юридикалык жактардан салык кызматкерлерине каршы 181 кайрылуу түшкөнүн кабарлады.
Анын ичинен 64 кайрылуу жарандардан жана салык төлөөчүлөрдөн, 38 кайрылуу укук коргоо органдарынан (УКМК, ИИМ, прокуратура органдары) түшкөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында 67 арызда көрсөтүлгөн фактылар тастыкталып, 51 кызматкерге эскертүү берилген. 43үнө сөгүш, 16 кызматкерге катуу сөгүш жарыяланган. 13ү иштен алынып, үчөө кызматынан төмөндөтүлгөн.
Мындан сырткары, үч кайрылууда коррупциялык мыйзам бузуулар жөнүндө маалыматтар болгон. Анын ичинен эки арыз боюнча факты тастыкталган эмес, ал эми бир кайрылуу боюнча материалдар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жиберилген. (BTo)
Шерине