Ишкер, Чүйдөгү “Гавайи” эс алуу борборунун негиздөөчүсү Журат Абдуллаев каза болду. Бул тууралуу ал түптөгөн компаниядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 55 жаштагы Абдуллаевдин 19-октябрда кан басымы кескин жогорулап, эсине келбей каза болгон. Аны акыркы сапарга узатуу расмиси бүгүн өтөт.
Журат Абдуллаев иниси менен бирге сүт азыктарын, суусундук чыгаруучу “Үмүт и Ко” компаниясын жана Токмокко жакын жерде “Гавайи” эс алуу борборун түптөгөн ишкер катары белгилүү.
Ал 2022-жылы мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат сактаган деген айып менен кармалып, 800 миллион сомдон ашык мүлкүн мамлекетке өткөргөн соң камактан чыккан.
Шерине