Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:05

Украина: Түндүк кореялык аскерлер колго түшсө ысык тамак, ак шейшеп берилет


Түндүк Кореянын армиясындагы машыгуу, 2-октябрь, 2024-жыл
Түндүк Кореянын армиясындагы машыгуу, 2-октябрь, 2024-жыл

Түндүк кореялык аскерлер орусча 100дөй аскердик терминди үйрөнгөн соң Украинадагы согушка жөнөтүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу 29-октябрда Сеулдагы депутаттар чалгын кызматынын маалыматына таянып билдиришти. Буга чейин НАТО Курскиге түндүк кореялык аскерлер жайгашканын ырастаган.

Пентагондун соңку эсебине караганда Орусиянын чыгышында учурда 10 миңдей корей жоокери машыгуудан өтүп жатат. Чет элдик аскерлер Украинадагы согушууга канчалык даяр? Пхеньяндын кызыкчылыгы кандай?

Сеулдагы мыйзам чыгаруучулардын колуна тийген маалыматка караганда, Орусияга келген Пхеньяндын жоокерлери “Аткыла”, “Позицияны ээлегиле” деген сыяктуу согуш терминдерин орусча үйрөнө албай убара тартып жаткандай.

“100дөй аскердик терминди үйрөнүп жатканы менен түндүк кореялык аскерлер тилден аксап турганы кабарланууда. Мунун баары тез эле тил табышып кетет деген ойдон күмөн жаратууда”, - дейт Түштүк Кореянын парламентиндеги Чалгын комитетинин мүчөсү Ли Сон Гвын.

Түштүк Кореянын улуттук чалгын кызматы бир нече жума мурда эле Пхеньян Орусияга аскерлерин жиберүүгө даярданып жатканын кабарлаган. Сеулдун маалыматына караганда, жыл соңуна чейин Орусияга 12 миңдей аскер жөнөтүлөт.

Rand Corporation аналитикалык борборунун Түндүк Корея боюнча эксперти Бенжамин Янг дагы тил маселесин Пхеньян жиберген аскерлердин башкы кемчилиги деп эсептейт.

"Түндүк кореялыктардын көбү орусча билбеши мүмкүн, алардын ошондой эле чындап согуштук тажрыйбасы жок. Андан тышкары түндүк кореялыктар үчүн орусиялык аскерлердин арасында тартиптин жана ырааттуулуктун жоктугу кызыктай туюлушу мүмкүн", - дейт Янг.

Орусия: Түндүк кореялык аскерлер орус тилинен кыйналууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:11 0:00

Кремль адегенде түндүк кореялык аскерлердин Орусияга келгени тууралуу маалыматтарды четке каккан, ал эми Пхеньян "болбогон кеп" деп жооп кайтарган.

Өткөн аптада Казань шаарында өткөн БРИКСтин жыйынында Орусиянын президенти Владимир Путин муну төгүндөгөн жок. Ал эми Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров 29-октябрда "баары мыйзам чегинде" экенин билдирди.

“Эки өлкө ортосунда түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишим жашыруун эмес. Ал эл аралык укукту бузбайт. Келишимге кол койгон өлкөлөрдүн бирине тыштан кол салуу болсо жардам берүү каралган”, - деди министр Лавров.

Бул кептерге НАТОнун баш катчысы 28-октябрда чекит койду. Марк Рютте түндүк кореялык аскерлер Орусиянын батышындагы Курск аймагына жайгаштырылганын бышыктап, мунун баары Путиндин “айласы куруганынын" белгиси катары мүнөздөдү.

“600 миңдей орусиялык аскер Путиндин согушунда жараат алды же набыт болду. Ал чет өлкөлүк колдоосу жок Украинадагы согушун улантууга кудурети жетпейт”, - дейт Рютте.

Пентагон 10 миң аскер Орусияга буга чейин эле жөнөтүлгөнүн билдирди. Мекеме кошумчалагандай, ал жоокерлер Украинадагы согушка алдыдагы “бир нече жума ичинде” кошулушу мүмкүн.

Ал эми аскерлердин жарымы, Пентагон 28-октябрда билдиргендей, Курск облусуна жайгаштырылат. Учурда ал аймакта орус күчтөрү август айында кирип барып, сексенден ашуун аймакты өз карамагына алган украин армиясын сүрүп чыгаруу аракетин улантууда.

“Орусия бул аскерлерди украин күчтөрүнө каршы согушка айдап же салгылашка салууга ниеттенип жатат деп тынчсыздануудабыз”, - деп айтылат Коргоо министрлиги тараткан билдирүүдө.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 29-октябрдын таңында түштүк кореялык кызматташы Юк Сок Ёлем менен телефондон сүйлөшкөнүн айтты.

“Биз Орусиянын Украинага кол салышына түндүк кореялык аскерлердин катышуусун талкууладык. Жыйынтык көз көрүнө: бул согуш эки өлкөнүн алкагынан чыгып, эл аралыкка багыт алды”, - деп жазды украин президенти X социалдык түйүнүнө.

29-октябрда Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Чхве Сон Хи Москвага барды. Орусиялык маалымат агенттиктер Чхве Кремлдеги расмий адамдар менен жолугарын жазышты. Алар ким экени такталган жок. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путиндин Пхеньяндын башкы дипломаты менен сүйлөшүү планы жоктугун айтты.

Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Чхве Сон Хи Москвага жолго чыгар алдында Орусиянын Пхеньяндагы элчиси Александр Матсегора менен учурашып жатат. Түндүк Кореянын маалымат агенттиги тараткан сүрөт. 29-октябрь, 2024-жыл.
Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Чхве Сон Хи Москвага жолго чыгар алдында Орусиянын Пхеньяндагы элчиси Александр Матсегора менен учурашып жатат. Түндүк Кореянын маалымат агенттиги тараткан сүрөт. 29-октябрь, 2024-жыл.

"Шүмшүк кытайларга" үч офицер, бир котормочу

Өткөн аптада Украинанын чалгын кызматы Орусиянын байланыш каналдарынан алынган аудиону жарыялады. Анда орусиялык аскерлер корейлерди келекелегенин экенин угууга болот. Аларды “Батальон К” жана “шүмшүк кытайлар ” деп аташат. Аудиодон алынган маалыматка караганда, отуз корей жоокерге үч улук офицер жана бир котормочу каралган.

Зеленский “Украина Европада Түндүк Кореяга каршы согушууга аргасыз болорун” эскерткен. Ал эми Пентагон 28-октябрда эгер түндүк кореялыктар согуш талаасында пайда болсо аларга каршы америкалык куралды колдонуу боюнча чектөөлөр алынарын билдирди.

"Башка тилде сүйлөгөн, такыр башкача даярдыктан өткөн, бөтөн армиянын аскерлерин согушка салууда, албетте, тобокелдик бар. Мунун баары Путин миллиондогон киши жашаган 16 шаардан тышкары жактардан эч кимди армияга азгыра албай калганын көрсөтөт. Ал эми шаардыктарды Путин азырынча козгогусу келбейт. Анткени мунун социалдык-саясий кесепеттеринен коркот. Провинциалдык Орусиянын, түрмөлөрдүн жана башка жайлардын ресурстары аяктап баратканы айдан ачык", - Deutsche Welle басылмасынын саясий талдоочусу Константин Эггерт "Свобода" радиосуна курган маегинде.

Өзөктүк куралы бар Түндүк Кореяны Батыш мамлекеттери буга чейин эле Орусиянын Украинага каршы согушуна көмөктөшүп жатканы үчүн айыпташкан.

Бир жыл мурда Вашингтон Пхеньян Москвага “украин шаарларын бомбалоого, карапайым адамдарды өлтүрүүгө жана Орусиянын мыйзамсыз согушун улантууга” аскердик техника жөнөтүп жатканын кабарлаган.

Түндүк Корея Орусияга кандай аскер жиберип жатат?

Сеулдун чалгын кызматы билдиргендей, Орусияга жиберилген түндүк кореялык аскерлер атайын даярдыктагы бөлүктөрдүн биринде кызмат өтөшөт. Алар негизинен чабуул операцияларына адистешкен жана көзгө атарлар деп даярдыктан өтүшөт. Пхеньяндын атайын багыттагы аскердик бөлүгү 200 миңдей жоокерден турат. Башкаларга салыштырмалуу, алар мыкты камсыздалган, курсактары ток.

Айрым эксперттер Орусияга ошол аскерлер келгенинен күмөн санашат. Анткени социалдык тармактарга жайылган видеолордогу корей жоокерлери орто бойлуу, арык экенин көрүүгө болот. Серепчилер белгилегендей, алар Ким Чен Ындын курулуш долбоорлорунда көбүрөөк кызмат өтөгөн, инженердик корпуска караган аскерлер болушу мүмкүн.

Азык-түлүк аздыгына карабай Пхеньяндын армиясы 1,3 миллион аскерден турат. Андан тышкары резеврде 7,6 миллион киши бар. Бул калктын 30% дегенди билдирет.

Сеулдун чалгын кызматынын маалыматына караганда, Түндүк Кореяда 4300 танк, 8800 артиллериялык курал, 810 истребитель жана 70тей суу алдында сүзүүчү кемеси бар.

Пхеньяндын “армия биринчи” деген саясатына ылайык, куралдуу күчтөргө мамлекеттик бюджеттин чыгашасынын көп бөлүгү сарпталат. Айрым эсептерге караганда, бул өлкөнүн аскердик жылдык чыгашасы ички дүң өндүрүмдүн бирден төрт бөлүгүн түзөт.

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. 20-июнь, 2024-жыл. Пхеньян.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. 20-июнь, 2024-жыл. Пхеньян.

Москванын карызы

Быйыл июнда Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өз ара коргонуу жактан көмөктөшүү тууралуу документке кол коюшкан. Ал пакт эки тараптын бири “куралдуу агрессиянын айынан согушка дуушар болсо” анда экинчиси “токтоосуз аскердик же башка колунда бар каражаттар менен жардам көрсөтүүгө чакырат”.

Түштүк Кореянын Улуттук чалгын кызматына таянып, депутаттар билдиргендей, Пхеньян Москвадан “космос багытындагы чалгынга” байланыштуу алдыңкы компоненттерди алышы мүмкүн. Буга чейин Ким космос жаатындагы каражаттар куралдуу күчтөр үчүн абдан маанилүү экенин билдирген.

Түндүк Корея боюнча эксперт Бенжамин Янг айткандай Москванын Пхеньян алдында карызы көп жана азыркы аскердик жардамы үчүн милдеттери дагы арбышы ыктымал.

“Эми түндүк кореялыктар жогорку деңгээлдеги ракеталык, космостук технологияларды жана тажрыйба алуу үчүн Орусиянын ыкмасын колдонсо болот”, - дейт Rand Corporation аналитикалык борборунун эксперти Янг.

Ал кошумчалагандай, Түндүк Корея үчүн “реалдуу согуш тажрыйбасын топтоо дагы абдан маанилүү” анткени мунун баары Корей жарым аралында качандыр бир кезде жаңжал тутанса Пхеньянга жардамы тийиши мүмкүн.

Киев: ысык тамак, ак шейшептүү төшөнчү даяр

Киев түндүк кореялык аскерлерге үч маал ысык тамак, ак шейшеби бар төшөнчү сунуштап, аларды багынып берүүгө азгырганга аракет кылууда

Орусиялык аскерлерди өз ыктыяры менен туткунга түшүүгө чакырган "Жашагым келет" долбоору 23-октябрда социалдык тармактарында түндүк кореялык аскерлерге багытталган атайын билдирүү жарыялады.

"Корей элдик улуттук армиясынын аскерлерине: Путиндин режимине жардам берүү үчүн айдалып, бөтөн жерде бөөдө өлүмгө дуушар болбогула. Колго түшүп бергиле! Украина силерди коргоп, ысык тамак жана жылуу төшөнчү менен камсыздайт. Миңдеген орусиялык аскерлер өз тандоосун жасашты" - деп жазылат анда.

Бирок эксперт Янг айткандай согушта түндүк кореялык аскерлер тыкыр көзөмөл алдында болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG