Орусиянын 47 регионунда жана Украинанын аннексияланган Крым, Запорожье облусунун убактылуу оккупацияланган райондорунда мигранттарды ишке алууга тыюу салынган жана чектөө киргизилген. Бул тууралуу "Верстка" басылмасы жазды.
Алсак, Краснодар крайында экономикалык ишмердик жүргүзүүгө патент берилбейт, Тверь облусунда мигранттарга аскердик-өнөр жай комплексинде, өнөр жай тармагында иштөөгө болбойт. Бирок слесарь, фрезеровщик, ширетүүчү, жабдуулардын оператору болуп жана кара жумушта иштей алышат.
47 региондо эмгек мигранттарына такси жана коомдук транспортто, 39 аймакта соода тармагында, 27синде билим берүү жана 19 облуста медицина чөйрөсүндө иштөөгө тыюу салынды. Айрым тармактарда кара жумушка же ишкана, кеңсе жыйнагандарды ишке алууга жол берилет.
Маалыматка караганда, чектөөлөр Москва, Санкт-Петербург шаарлары баш болгон 40 региондо киргизилген жок.
Өткөн жылы Орусиядан "миграциялык эрежелерди бузду" деп 80 миңден ашуун келгин чыгарылган, алардын 23 миңи Москва шаарындагы жана Москва облусундагы соттордун чечими менен депортацияланган.
Былтыр мартта Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерт залындагы теракттан кийин Орусияда эмгек мигранттарына каршы саясат катаалдады. Орус бийлиги кол салууга тажик жарандарын айыптаган.
Эмгек мигранттарын кармоо, текшерүү, аскердик каттоого коюу, башка кысым-басым учурлары көбөйдү.
Өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет элдиктердин реестри түзүлүүдө. Ал тизмеге түшүп калгандарга банк кызматынан пайдаланууга, унаа айдоого, мүлкүн каттоого, никеге турууга же расмий ажырашууга, балдарын мектеп же бала бакчага киргизүүгө уруксат берилбейт.
2023-жылы чет өлкөлүк жарандарга мектептерде, фармацевтикалык тармактарда, мамлекеттик медициналык мекемелерде, такси жана жүк ташуу кызматтарында иштөөгө тыюу салууну караган мыйзам долбоору Мамлекеттик думага сунуш кылынган.
Орусиянын ички иштер министринин орун басары Александр Горовой өлкөдө 6 миллион 174 миң чет элдик жаран бар экенин билдирген. Алардын көбү Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Беларуска туура келет.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын биринчи жарымында Орусияда 334 миңге жакын кыргызстандык мигрант жүргөнү аныкталган.
Шерине