Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:11

"Киргизиядагы" жер талаш: Тургундар менен мэрия сотто жолугат


Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюндагы бузулган дубал, 27-май, 2025-жыл.
Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюндагы бузулган дубал, 27-май, 2025-жыл.

Бишкекте "Киргизия" конушунун тургундары мэрия жер маселесине байланыштуу алардын үстүнөн сотко кайрылганы белгилүү болгонун айтып жатышат. Жазында Чыңгыз Айтматов проспектиси кеңейтилип, жол жээгиндеги конуштагы үйлөрдүн жери кесилген.

Тургундар ал учурда бардыгы мыйзам чегинде болору, компенсация берилери айтылганы менен иш жүзүндө башкача болуп жатканын айтууда. Мэрия бул туурасында маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

"Киргизия-1" конушунун тургуну Алымбай Окунов быйыл май айында Чыңгыз Айтматов проспектиси кеңейтилип, өкмөттүк трасса курулуп жатканда анын макулдугу жок эле жарым сотыхтан ашык жер тилкеси кесилип кеткенин айтууда. Ал кезде жалпы жол жээгиндеги 60тан ашык тургундун үйлөрүнүн дубалынын бир бөлүгү бузулуп, айрымдары бул үчүн мэрияны сотко берген.

Кийинчерээк аларга башка жактан жер тилкелери берилери айтылган.

Бирок азыр башка маселе жаралганын, алардын өзүлөрүн сотко чакырып жатышканын билдирген Алымбай Окунов мына буларды айтып берди:

"Бизди сотко бериптир. Эми, кыргызча айтканда, бул бет тырмалык эле иш болуп жатат. Биздин жерибизди, дубалыбызды күч менен талкалап, эми, анысы аз келгенсип, бизге доо арыз жөнөттү. "Силер бир убакытта ушул жерди мыйзамсыз алып алыптырсыңар" деп. Эч ким басып алган эмес. Бул "Киргизия-1" деген 1940-жылдын аягында, 1950-жылдын башында түзүлгөн. Созхоздун жери болчу. Ошол кезде мыйзамдын негизинде бул жерлерди элге 25 сотыхтан берген”.

Окуновдун айтымында, кийин жер ээлери ошол 25 сотых жерлерин балдарына бөлүп берип, айрымдары сата баштаган. Өзү жерин 1998-жылы сатып алганын, 2008-жылы Чоң-Арык айыл өкмөтүнө кайрылып, жерди ченетип, кызыл китеп алганын билдирди. Ушул тапта жер басып алуучу эмес экенин далилдөөгө аракет кылып, сотко кайрылып жатыптыр:

"Мага доо койгондо да мыйзамдын баарын тебелеп коюп жатышат. Бизди административдик сотко беришиптир. Бирок административдик иштерди кароодо доо арыз берүү мөөнөтү деген бар. Мына ошол мөөнөт үч эле айды түзөт. Мен айтып жаткан 2008-жылдагы токтомду ошондо үч ай ичинде сотко берип, буздурса болмок. А булар болсо 17 жылдан кийин берип жатышат мага".

"Киргизиянын" тургундары сотко чакыруу ала баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:09 0:00

Ушул эле көчөдө жашаган Лариса Кнехт өкмөттүк трасса курулгандан бери тургундар жөө өтмөк жоктугунан жолдун аркы өйүзүнө өтө албай калганына, өзү аялдамага жетиш үчүн бир жарым чакырымдай жол жүрүүгө туура келип жатканына нааразы.

Ал дагы үйүндө 1960-жылдан бери жашап келе жатканын, кесилген жер тилкеси үчүн компенсация күтүп жүргөнүн айтты:

"Эч кандай убада берген жок. Жерди кесип, мамлекеттин пайдасына алышты. Бирок ордуна компенсация бериши керек да. Биздин президент дайыма баары мыйзам чегинде болсун дейт, бирок иш жүзүндө эч нерсе жок болууда. Кайра бизге "өзүңөр бир убакта чийинден чыгып кеткенсиңер" деп жатышат. Андай эмес. Совхоз кезинде баары так эле, кызыл чийинди чийип, дароо туяларды отургузган. Алтургай, бизге тосмону сырдагыла деп жашыл түстөгү сыр берчү. Чийинден чыгып кетүүгө шарт дагы жок эле", - дейт ал.

Мындан тышкары тургундар мэриянын талабы менен сот жол жээгиндеги айрым жер тилкелерин камакка койгонун, чечим бир тараптуу гана кабыл алынганын билдиришти.

Конуштун тургундары көтөрүп жаткан маселени Бишкек мэриясы ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

Бирок жакынкы күндөрү бул туурасында маалымат берерин "Азаттыкка" айтышты.

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев быйыл жазында "Киргизия" конушу боюнча маселе жаралганда Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги иш мыйзам чегинде жүрүп жатат деп эсептей турганын айткан:

"Мен дагы бир жолу айтып кетейин, алар (жергиликтүү тургундар) бизден жаңы чечимдерди талап кылышпасын. Мурунку мыйзамдардын, чечимдердин негизинде иштер жүрүп жатат. Биз мыйзамдуулукка чакырып жатабыз. Мыйзамды бузуп, убагында бул жерлерди кандай жол менен алып, уруксат кагаздарына жетишкенин биз билбейбиз, күмөн жараткан жагдайлар көп. 1970-жылы шаардын башкы планы бекитилген, 2006-жылы Кыргыз Республикасы болгондон кийин ал башкы план дагы бир жолу бекитилип, 1970-жылы аныкталган жерлер кайрадан бекитилген. 2009-жылы деталдуу пландоо кабыл алынганда ал документте ошол биз айтып жаткан жол кеңейет деп так көрсөтүлгөн. Ошол жердин тургундары өз ыктыяры менен макулдугун берип, "эгер жол кеңейген болсо, кенемте талап кылбай өз жерлерибизди беребиз" деп кол коюп беришкен", - деген калаа башчысы.

Быйыл жазында Чыңгыз Айтматов проспектиндеги автоунаа жолу кеңейтилип, алты тилкелүү трасса курулуп, четине велосипед тепкендер үчүн өзүнчө жол жана тротуар курулган. Ошол учурда жол жээгиндеги "Киргизия" конушундагы 60тан ашык үйдүн дубалынын бир бөлүгү бузулган. Конуштун тургундары мэриянын аракетин мыйзамсыз деп баалап, жеке менчик укугу бузулуп жатканын билдирип келишет.

Шерине

XS
SM
MD
LG