Мексикада тынбай жааган нөшөр жаандан кийинки селдин жана көчкүнүн айынан кеминде 27 адамдын өмүрү кыйылды Reuters маалымдагандай, дагы бир нече кишинин дайыны табылбай жатат.
Идалго штатында 16 киши каза болду, миңдеген турак үй жана башка имараттар, мектептер талкаланды. Пуэбла штатында жер көчүп, кеминде тогуз өмүр кыйылды, дагы беш киши дайынсыз болууда. Веракрус штатынын бийлиги бул аймакта өлгөндөр кеминде эки киши экенин кабарлашты.
Катуу жаандын айынан айрым шаарлар электр жарыгысыз калды.
Өлкөнүн Коргоо министрлиги кырсыкка кабылган райондорго жалпысынан 5,5 миңдей аскер кызматкери, куткаруучулар, атайын техника жана транспорт каражаты жөнөтүлгөнүн маалымдады.
Түндүк Американын түштүк тилкесинде жайгашкан бул өлкөдө май-октябрь айларында нөшөр жаан, суу каптоо көп катталат. Буга аталган аймакка мүнөздүү болгон тропикалык катуу шамал, бороон жана муссондор себеп. (RK)
Шерине