Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы шаарда абанын булганышы боюнча маселе талкууланган жыйын өткөнүн кабарлап, абага терс таасирин тийгизип жаткан себептерди атады.
Мэрия билдиргендей, БУУнун бир катар агенттиги, Эл аралык миграция уюму, Дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык мекемелердин тийиштүү бөлүмдөрү Бишкекте абаны булгаган себептердин сап башында жер тамдарды жылытуу үчүн жагылган от турарын (29%) аныкташкан.
Андан кийинки орунда транспорт турат (27%). Мындан тышкары чаң - 21 %, Жылуулук электр борборунун жана башка от жагуучу жайлардын түтүнү - 11 %, өнөр жай ишканалары - 2% да кышкысын борбор калаанын абасын булгаган факторлор экени маалымдалды.
Бишкекти суук түшкөнү ыш, түтүн каптап турат. Соңку жылдары бул көрүнүштү асмандан дрон менен же жакынкы тоолордон сүрөткө, видеого тарткандар социалдык түйүндөргө жарыялап, абал канчалык оор экени тууралуу талкуу күчөйт. Айрым учурларда Кыргызстандын борбору абасы эң булганыч шаарлардын дүйнөлүк рейтингинде биринчи сапка чыгат.
Бийлик абанын булганышын азайтуу максатында аракет көрүлүп жатканын билдирүүдө.
Мисалы, күнүгө жолго чыгып жаткан 1460 автобустун 1340ү газ, 120сы электр менен иштейт.
15-30-октябрь күндөрү 10 миңге жакын ар кандай бак-дарак отургузулганы жатат.
Шаардын четинде канча жылдан бери түтөп турган полигондо от толук өчүрүлүп, 12 гектар жерге таштандыны кайра иштетүүдөн электр энергиясын өндүрө турган завод курулууда.
Автомашиналарга катализатор орнотуу механизмдери иштелип чыгууда. (RK)
Шерине