Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 9-сентябрда Бишкектеги Энвер Гареев атындагы ботаникалык бакка барды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, анда бул жайдын азыркы абалы, көйгөйлөрү тууралуу маалымат берилип, кандай кечиктирилгис чаралар керектиги айтылды.
"Ботаникалык бакты толук жана комплекстүү реконструкциялоо үчүн болжол менен 340 миллион сом талап кылынары аныкталды. Зарыл болгон иштерге жолдорду оңдоо, жөө жүргүнчүлөр аймагын көрктөндүрүү, сугаруу, суу менен камсыздоо жана дренаж системаларын калыбына келтирүү, жаңылоо, сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан өсүмдүктүн түрлөрүн толуктоо жана жаңы экспозицияларды түзүү менен дендрологиялык фондду жаңыртуу жана кеңейтүү кирет. Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.Анын ичинде реконструкциялоо иштерин каржылоо маселесин чечүү дагы бар",-деп жазылган маалыматта.
Ушул жай айларында социалдык тармактарда Ахунбаев атындагы көчөдө жайгашкан бактын абалы талкуу жараткан. Ага былтыр жайында эле жашыл болуп турган жайда бак-дарактар азайып, чөптөрү саргайып, куурап, такыр болуп калганы тартылган видео себеп болгон.
Улуттук илимдер академиясы комментарий берип, бул жайды жаңылоого байланыштуу ири долбоор башталганын, анын алкагында комплекс толугу менен оңдолуп-түзөлөрүн билдирген.
Жыл башында "Энвер Гареев атындагы ботаникалык бак" илимий-изилдөө институтуна өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы макамы берилген.
2022-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Акылбек Жапаров Ботаникалык бактын каржылоосун түздөн-түз республикалык бюджетке алуу пландалып жатканын билдирген. Ал муну бак Илимдер академиясына караштуу болгондуктан ушул мекемеге бөлүнгөн бюджеттен каржыланарын, ошол себептүү анын аянты кароосуз калып жатканы менен түшүндүргөн жана бул талкуу жараткан.
Кийин Жогорку Кеңеште "Ботаникалык бакты Илимдер академиясынын балансында калтыруу керек" деген чечим чыккан.
2023-жылдын мартында президент Садыр Жапаров Ботаникалык бакка барып, ошол учурдагы абалын көрүп, аны реконструкциялоону тапшырган. Ал бул жай Улуттук илимдер академиясынын курамында калып, анын илимий бөлүгүнө көбүрөөк көңүл бурулушу керек экенин билдирген. Ошол эле маалда “бакта жарандардын эс алуусу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп, шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун сүйүктүү эс алуу жайына айланышы керектигин” белгилеген.
Былтыр апрелде Ботаникалык бактын Горький көчөсүндө жайгашкан бөлүгү реконструкцияланып, эс алуучу сейил бак катары ачылган.
Шерине