Андан тышкары израилдик аскерлер белгиленген сызыкка чегинет. ХАМАС АКШда жана Еврошаркетте террордук деп жарыяланган. Арийне, айрым эксперттер келишимдин чоо-жайы бүдөмүк калганын белгилеп, бул жолу да тынчтык орнотуу аракеттери үзгүлтүккө учурабайбы деген собол салууда. Кыргызстан Газадагы согушту токтотуу аракеттерин кубаттады.
Израил менен ХАМАСтын мунасага келгенин уккан газалыктар кадимкидей майрамдап, кубанып жатышты.
Бирок урандылардын арасында, жамаачы чатырдын жанында балдары менен чай кайнатып отурган Умм Мохаммед Абу Аамсха бомбалоолор токтогонун өз көзү менен көрмөйүнчө сүйүнүү эрте деп ойлойт:
"Түндө жарашуу болот, Кудай буюрса ок атуу, согуш токтойт деп жарыялашканда Беит-Ханундагы үйүбүзгө, ата-бабаларыбыздын жерине кайта алабыз, бир туугандарыбызды, жакындарыбызды көрөбүз деп кубандым. Согуш үй-бүлөлөрдү бөлүп койду, жарымы түндүктө, калгандары түштүктө, тилкенин борбордук чөлкөмүндө калды. Эң негизгиси азап чегүү, ачарчылык, жокчулук, улам бир жерге көчүү аргасыздыгы токтойт".
Тел-Авивдеги "Барымтадагылар аянтына" чогулгандар да кубанычка бөлөнүп, хамасчылардын туткунунан бошотулгандар, жакындары согушкерлердин колунда кала бергендер бири-бирин кучактап, көз жашын жашыра албай жатты.
Элиа Коэн бир нече убакыт мурун согушкерлердин барымтасынан бошотулган:
"Кубанычыбыз койнубузга батпай жатат, бирок биз реалист болушубуз керек. Барымтадагылар Кызыл чырым уюмунун машинелерине отуруп, ЦАХАЛдын аскерлерине өткөрүлүп бергиче Кудайга жалынып туралы. Жараткандан тилеп туралы. Кайтып келгенде буюрса алар менен чогуу бийлейбиз".
Анын алдында АКШнын президенти Дональд Трамп Fox News' телеканалына телефондон берген интервьюда Газа тилкесинде кармалып жаткан израилдиктер эмки дүйшөмбүдө эркиндикке чыгат деп болжолдонгонун жарыялаган.
Ага чейин америкалык лидер Truth Social социалдык тармагына жазган постунда Израил менен ХАМАС тынчтык планынын биринчи баскычына кол койгонун билдирген:
“...Бул – барымтадагылардын бардыгы жакын арада бошотулат, бекем, узак мөөнөттүү жана түбөлүк тынчтыкка карай жасалган алгачкы кадам таштап, Израил аскерлерин макулдашылган сызыкка чыгарып кетет дегенди билдирет”.
Трамп АКШ менен бирге арачылык кылган Катар, Египет жана Түркияга ыраазычылыгын айтты.
Шаршембиде Египеттеги Шарм эл-Шейх курортунда өткөн сүйлөшүүлөргө Ак үйдүн Жакынкы Чыгыш боюнча чабарманы Стив Уиткофф жана мурда ал вазийпаны аткарган, президенттин күйөө баласы Жаред Кушнер кошулган.
ХАМАС келишимге жетишилгенин бышыктап, Израил аскерлерин анклавдан чыгарарын жана барымтадагылар менен туткундар айырбашталарын билдирди. Муну менен катар радикал топ Трампты жана ортомчуларды каршы тараптын макулдашууну аткаруусу үчүн кепил болууга чакырды.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газада ок атууну токтотуу келишимин жактыруу үчүн кабинет мүчөлөрү чогуларын айтып, барымтадагылардын бардыгы үйүнө кайтарыларына убада кылды.
Арачылардын бири Катардын Тышкы иштер министрлиги тараптар Газага гуманитарыдк жардам жеткирүү тууралуу да макулдашканын билдирүүдө.
Муну менен катар эксперттер келишимдин деталдары тууралуу маалымат чектелүү экенин, бир топ башы ачылбаган маселелер кала бергенин белгилеп, бул жолу да тынчтык орнотуу аракеттери үзгүлтүккө учурабайбы деген собол салууда.
Туура эки жыл мурун, 7-октябрда согушкерлер Израилге кол салганда 251 кишини барымтага алып кетишкен. Буга чейинки келишимдердин негизинде 140ка жакыны бошотулган. Ушу тапта хамасчылардын туткунундагы 48 кишинин 20 чактысы тирүү деп болжолдонууда.
Теракт маалында ХАМАСтын колунан 1200 киши набыт болгон. Израил радикал топко каршы согуш ачып, анклавды бомбалап келатат. Бир катар укук коргоочу эксперттер, окумуштуулар жана БУУнун комиссиясы аскерлердин аракеттерин геноцид деп баалашууда.
Андан тышкары Газадагы гуманитарыдк абал камтамачылык жаратууда. Израил ачарчылыкты курал кылып колдонууда, тукум курут саясат жүргүзүүдө деген айыптоолорду четке кагып, өзүн террорчулардан коргоого укуктуу экенин айтып келатат.
Дүйнө лидерлери келишимге жетишүүнү кубаттап жатышат.
Расмий Бишкек “АКШнын президенти Дональд Трамптын тынчтык демилгеси, ошондой эле Египеттин, Катардын жана Түркиянын дипломатиялык аракеттери дүйнөлүк коомчулуктун кеңири колдоосуна татыктуу”, - деп билдирди.
Шерине