Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

Адабият боюнча Нобел сыйлыгы венгриялык жазуучу Ласло Краснахоркаиге ыйгарылды


Ласло Краснахоркаи
Ласло Краснахоркаи

Адабият боюнча Нобел сыйлыгы венгриялык жазуучу Ласло Краснахоркаиге ыйгарылды. Нобел комитети анын "акыр заман коркунучу шартында искусствонун күчүн ырастаган ынанымдуу жана көсөм чыгармачылыгын" белгиледи.

"Каршылык меланхолиясы" (1989), "Согуш жана согуш" (1999), "Си-ван-му биздин арабызда" чыгармаларынын авторун венгриялык заманбап классикасынын өкүлү деп аташат.

Анын алгачкы китеби 1977-жылы чыккан. 2017-жылдан бери Нобел сыйлыгына талапкерлердин катарында аталып келген.

Краснахоркаи режиссер Бела Таррдын филмдеринин сценаристи катары да белгилүү. Ушу тапта жазуучу Италиянын Триесте шаарында жашайт. Ал өзү Венгриянын премьери Виктор Орбандын башкаруусунан ыктыярдуу бозгунда жүргөнүн айтат.

Былтыркы лауреат түштүк-кореялык жазуучу Хан Ган болгон.

1901-жылдан бери Нобелдин адабият сыйлыгын 121 адам алды.

Буга чейин медицина, физика жана химия боюнча сыйлыктар ыйгарылган. Жума күнү Ослодо тынчтык сыйлыгынын жеңүүчүлөрү жарыяланмакчы. Ал эми Швециянын банкы 1968-жылы негиздеген экономика боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаты 13-октябрда белгилүү болот.

Сыйлыктарды тапшыруу аземи салт боюнча 10-декабрда, филантроп Алфред Нобелдин өлгөн күнүндө өткөрүлөт.

Лауреаттарга диплом, алтын медал менен кошо 11 миллион швед кронасы өлчөмүндө ( 1,1 миллион доллар) акчалай сыйлык берилет.


Шерине

XS
SM
MD
LG