Казакстандын соту "Вагнер" менчик аскер компаниясынын катарында Украинада жана Малиде согушкан Тимур Пралиевди беш жыл абакка кести. Ал башка өлкөдөгү куралдуу жаңжалга катышканы үчүн айыптуу деп табылды. Казакстандын мыйзамдары башка өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүндө жана аскердик уюмдардын курамында согушууга тыюу салат.
"Орда" сайтынын маалыматына караганда, Пралиев 2022-жылы "вагнерчилерге" жалданып, ноябрдан былтыркы октябрга чейин Украинада согушкан, атап айтканда Донецк облусундагы Бахмут үчүн кармашка катышкан. Кийин ал "Вагнердин" катарында Малиде согушкан. 2023-жылы Орусиянын жарандыгын алган, бирок мыйзам талап кылганына карабай, казак паспортунан баш тарткан эмес.
Минск жана Уфада дарылангандан кийин быйыл жыл башында Пралиев Мексика аркылуу АКШнын Техас штатына өтүүгө аракеттенгенде кармалган. "Настоящее время" телеканалы жазгандай, сотто ал чек арадан мыйзамсыз өткөнүн мойнуна алып, Казакстанга депортацияланган.
Беш жылга эркинен ажыратуу сөз болгон беренеде каралган минималдуу жаза. Кошуна өлкөдө "жалданмачылык" деген берене да бар. Ага ылайык мындан катаал жазага тартууга мүмкүнчүлүк берилет. Пралиевдин эмне себептен жалданмачылыкка айыпталбаганы белгисиз.
"Вагнерчилердин" катарында согушканы үчүн сот жообуна тартылган кишилер Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да буга чейин болгон.
"Вагнердин" Африка жана Украинада согуш кылмыштарына, зомбулукка, сотсуз адам өлтүрүү окуяларына тиешеси бары айтылып жүрөт.
Шерине