Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

Индияда жөтөлдү басчу сиропту ичкен 19 бала чарчап калды


Иллюстрация
Иллюстрация

Индиянын полициясы жөтөлдүн сиробун чыгарган Sresan Pharmaceutical Manufacturer компаниясынын ээсин камакка алды.

Өткөн айда Мадхья-Прадеш штатындагы Чхиндвара шаарында беш жашка чейинки кеминде 19 бала жөтөлдү басчу Coldrif дарысын ичкенден кийин чарчап калган. Ал окуядан кийин таза суудан чиркейлерге чейин текшерилген. Бир нече күндөн кийин сироптун курамында уулу диэтиленгликолдун деңгээли уруксат берилген нормадан 500 эсе ашканы аныкталган. Өнөр жайда колдонулчу уулу эриткич дарыларга кошулбашы керек. Ал адамдын организмине кирсе, бөйрөгү иштебей калат.

Дары-дармекти тескеген жергиликтүү органдар текшерүүлөрдү күчөттү.

Рейтер агенттигинин маалыматында, жөтөлдү басчу сиропту чыгарган компаниянын кожоюну шаршембиде камакка алынды. Ал сот жообуна тартылмакчы.

Индиялык сироптордон Гамбия, Өзбекстан жана Камерунда ондогон бала чарчап калгандан кийин 2023-жылдан бери андай дары-дармектин экспортун жакшылап текшерип калышты.

Дары-дармек чыгаруу жагынан АКШ жана Кытайдан кийинки үчүнчү орунда турган Индияны «дүйнөнүн дарыканасы» деп атап коюшат.

Ал өлкөгө АКШда колдонулган женериктердин 40 пайызы туура келет. Африкага экспорттолгон дарынын 90% Индияда жасалган.


Шерине

XS
SM
MD
LG