Кытайдын лидери Си Цзиньпин Орусиянын президенти Владимир Путинди жана Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн лидерлери менен Тяньцзин шаарында жолугат. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) лидерлеринин эки күндүк саммити жалпы Евразияга таасирин артырууну көздөгөн Кытайга эмне үчүн маанилүү? Саммиттин башка катышуучуларына кандай роль тийет?
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди дагы Кытайга барды. Шанхай кызматташтык уюмунун Тяньцзиндеги саммитине чогулган лидерлерге Цзиньпин дүйнөлүк тартиптин альтернативдүү моделин көрсөтүүнү көздөйт.
31-августтан 1-сентябрга чейин Кытайдын түндүгүндөгү Тяньцзин шаарында 20дан ашык лидер чогулат. Батыш менен мамилелер чыңалып турган чакта Кытай бул саммитте аймактык коопсуздук жана соода маселелерин талкуулайт.
Саммит ошондой эле Бээжинге өзүн Глобалдык түштүктүн лидери экенин көрсөтүүгө жана дүйнөлүк ИДӨнүн төрттөн бир бөлүгүн түзгөн, Жер планетасынын калкынын жарымы жашаган ири регионалдык уюмдардын бири жана таасирдүү күч катары таанытууга мүмкүнчүлүк берет.
Саммитте назар салчу беш олуттуу көрүнүш:
1. Путин менен Си Цзиньпиндин “шоуcу” уланат
Саммитте болгон көңүл Путинге бурулат, ал Кытай лидери Си Цзиньпин менен жолугат. Бул саммиттин алдында Украинадагы согушту басууга байланышкан дипломатиялык талаш-тартыш күчөдү. Анын ичинде АКШ президенти Дональд Трамп уюштурган Аляскадагы саммит да бар.
"ШКУ азыр Путин менен Синин шоуcуна айланды», - дейт Темур Умаров, Берлиндеги Карнеги борборунун Орусия жана Евразия боюнча изилдөөчүсү. Ал "Азаттык" радиосу менен болгон маегинде "маселе саммиттин өзүндө эмес, анын алкагындагы жолугушууларда" экенине токтолду.
Шанхай кызматташтык уюмуна кирген жана байкоочу, диалог түзгөн өнөктөш мамлекеттер (карта англис тилинде)
Бээжин да, Москва да ШКУну Батыш институттарына каршы аракеттенүүчү курал катары карашат. Аймактык уюмга Беларус, Кытай, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө. Бул блок барган сайын Евразияда жана андан тышкаркы аймактарда жалпы бир максатты координациялоочу лабораторияга айланып баратат. Алардын максаты дүйнөлүк тартипти кайрадан түзүү экени маалым.
Путиндин ШКУ саммитине катышуусу анын Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын бир бөлүгү болот. Ал 3-сентябрда Бээжинде Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына арналган аскердик парадга катышат.
2. Моди чыгышка ыктайт
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди акыркы жети жылдан бери алгачкы жолу Кытайга барды. Бул сапар 2020-жылдагы кандуу чек ара жаңжалдарынан кийин Бээжин менен Нью-Делинин чыңалууну азайтуу аракеттеринин фонунда өтөт.
Кытайдын тышкы иштер министри Ван И августтун башында Нью-Делиге барып, АКШ менен Индиянын мамилеси солгундаган шарттан пайдаланып калууга аракет кылды. Вашингтон бажы төлөмдөрүн киргизип, АКШ президенти Трамп Индияны Орусиядан мунай сатып алууну чектөөгө чакырды. ( 2022-жылга чейин Индиянын мунай импортунда Орусиянын үлүшү 1% болсо, азыр ал 42% айланган).
Моди менен Си Цзиньпин жолуккандан кийин чек арадагы кырдаалды жөндөө үчүн аскерлерди артка кайтаруу, айрым соода жана виза чектөөлөрүн алып салуу сыяктуу чечимдер кабыл алынышы ыктымал.
Өткөн жумада Орусиянын Нью-Делидеги элчилиги Моди, Путин жана Си Цзиньпиндин үч тараптуу сүйлөшүүлөрү күтүлөт деген маалымат таратты.
3. Борбор Азия кытай-орус тандемине бет алды
2001-жылы түпкүрүндө Кытайдын демилгеси менен негизделген ШКУ Борбор Азия менен кызматташууга багытталган. Ошол эле учурда уюм Бээжиндин региондогу таасиринин артып баратканына Москва канчалык сезимтал экенин эске алууга аракет кылып келген.
"Кытай менен Орусия бир эле учурда өнөктөш да, атаандаш да", - дейт Глазго университетинин Евразияны изилдөө боюнча профессору Лука Анчески. "Бирок биз көрүп тургандай, эки өлкө тең Борбор Азияда атаандашуудан мурда көбүрөөк кызматташып жатат".
Мындай жагдай Борбордук Азиянын өлкөлөрү үчүн жаңы түйшүк жаратышы мүмкүн. Анткени алар ШКУнун алкагында Бээжин менен Москванын ортосунда тең салмактуулукту сактоого аракет кылып, эки державадан тең өтө көз каранды болуудан качышат. Ошол эле учурда бул авторитардык режимдер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да ачышы мүмкүн.
"Региондо авторитаризмге ыктаган жалпы баалуулуктар калыптанып жатат, бул Борбор Азиядагы саясий режимдердин жашоосун жеңилдетиши мүмкүн", - деп эсептейт Анчески.
4. ШКУну кеңейтүү мүмкүнчүлүгү барбы?
Өткөн жылы ШКУга Беларус кошулду. Ага чейин 2023-жылы Иран уюмга мүчө болгон. Индия менен Пакистан 2017-жылы кирген.
Аймактык бирикмеде 10 толук укуктуу мүчөдөн тышкары эки байкоочу мамлекет жана 14 диалог жүргүзгөн өнөктөш өлкө бар.
Уюмдун алкагында Армения менен Азербайжанга өзгөчө көңүл бурулат. Бул эки коңшу буга чейин ШКУнун өнөктөшү макамына ээ болуп, былтыркы саммиттен кийин толук мүчөлүккө арыз беришкен.
5. ШКУнун алдыдагы арышы
ШКУ өнөктөштүктү өркүндөтүүгө жана Батыштын дүйнө тартибинен тышкаркы аймактардагы социалдык жана саясий нормаларга таасир этүүгө умтулган лидерлер үчүн символикалык платформа катары өз баалуулугун аңдады.
Аймактык бирикменин таасири артып жатканына карабастан ШКУнун ичиндеги пикир келишпестиктер анын алсыз жери бойдон калууда.
Мисалы, июнь айындагы ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жолугушуусунда Индия Израилдин Иранга жасаган чабуулдарын айыптаган билдирүүгө кошулуудан баш тартты. Нью-Дели бул билдирүүдө 22-апрелде Кашмирде туристтер кабылган кандуу кол салуулар эске алынбаганын белгиледи. Бул окуя Индия менен Пакистандын ортосунда куралдуу жаңжалдын кайра жанданышына түрткү болгон.
"Кытай, Индия жана Орусия АКШнын улам чыйралып бараткан басымына туш болууда. Бул саммит ШКУ бирдиктүү уюм катары иш алып бара алабы же улуттук кызыкчылыктарга негизделген, бөлүнүп-жарылган платформа бойдон калабы - мына ушуга сынак болот", - дейт China Global South Project уюмунун чакырылган изилдөөчүсү Юнис Шарифли.