Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Президент жайытты тебелегендердин техникасын конфискация кылуу тапшырмасын берди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды дагы бир жолу жайлоолорду, жайытты коргоого чакырды. Мамлекет башчы бул тууралуу 2-октябрда Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, өлкөнүн булуң-бурчунда тоо бооруна квадроциклдер менен чыгып, чөптөрдү жок кылып жаткан учурлар көбөйгөнүн билдирди. Машинелери менен жайыттарга чейин чыгып кеткен фактылар бар экенин, ушундан улам аларга чара көрүү тапшырмасын бергенин кошумчалады.

“Мындан улам, Ички иштер министри менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрине тоо беттерин, көк шибер, жайыттарды квадроциклдер, жол тандабастар менен тебелегендерге айып пул салуу жана техникалык каражаттарын конфискациялоо мүмкүнчүлүгүн карап көрүү тапшырмасын бердим. Жайыттарды, көк чөптөрдү квадроцикл, унаалар менен тебелетпөө боюнча ишти жогоруда аталган эки министрлик эле эмес, жергиликтүү бийлик органдары дагы алып барууга тийиш”, - деди ал.

Садыр Жапаров эл машине, квадроциклдерди жолдор менен гана айдоо керектигин жазды.

Президент 9-августта да Фейсбук баракчасына билдирүү жарыялап, соңку учурда өлкөнүн аймагындагы жайлоолорду кыдырып жүргөнүн, анда жер кыртышын техника бузуп жатканына күбө болгонун белгилеген.

Кыргызстандын жалпы аянты 20 миллион гектар болсо, анын 9 миллион гектарын жайлоо менен жайыт ээлеп жатат. Бир кезде көк майсаң баскан жайлоолор төрт түлүк малдын көбөйгөнүнөн, кен байлык казуудан жана климаттын өзгөрүүсүнөн улам жылдан жылга такырга айланып баратат. Соңку беш жылда эле жайыттардын аянты 25 миң гектарга кыскарган.

Өкмөт бул көйгөйдүн алдын алуу үчүн жайыттарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык программа бекиткенин, анын негизинде такырайган жерлерге урук себүү иштерин жүргүзүп жатканын маалымдаган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG