Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Трамп Газадагы согушту токтотобу?


АКШ президенти Дональд Трамп менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, 29-сентябрь, 2025-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамп менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, 29-сентябрь, 2025-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп 29-сентябрда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну кабыл алып, Газа секторундагы абалды жөнгө салуу боюнча тынчтык планын талкуулады. 20 пункттан турган планды бир катар араб, мусулман өлкөлөрү, европалык мамлекеттер кубатташты.

Шейшембиде эртең менен Газанын борбордук бөлүгүндө чатырларда жашаган ондогон палестиналыктар АКШ президенти Дональд Трамп сунуштаган тынчтык планына карата кооптонууларын жашырышкан жок. Рейтер агенттиги жарыялаган видеодо бул документ палестиналыктардын кызыкчылыгын эске албай калганын айткандар болду.

Газа.
Газа.

Жергиликтүү эл бул планда алардын тагдыры, келечеги жана кыйналган элдин үнү таптакыр камтылган эмес деп нааразы болушту.

“Трамп кечээ тынчтык болот, барымтадагылар бошотулат деп убада берди. Бирок биздин, карапайым палестиндердин кызыкчылыгы эске алынабы? Биздин абалыбызды ким чечет? Бизди Израилдин кылмыштарынан ким куткарат? Ким коргойт?”-деди Газанын тургуну Мохаммед Баалуше.

АКШнын президенти Дональд Трамп 29-сентябрда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну кабыл алып, Газа секторундагы абалды жөнгө салуу боюнча тынчтык планын талкуулады. Бул Трамп президентке киришкен быйылкы жылдын январынан бери Нетаньяхунун Вашингтонго барган төртүнчү сапары болду. Жолугушууда Газадагы согушту токтотуу жана АКШ менен Евробиримдикте террордук деп табылган ХАМАС радикал тобу барымтада кармап турган израилдиктерди бошотуу боюнча Вашингтондун демилгеси талкууланганы белгилүү болду.

АКШ президенти Дональд Трамп менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, 29-сентябрь 2025-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамп менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, 29-сентябрь 2025-жыл.

«Бул пландын негизги максаты - Газада эле эмес, жалпы согушту токтотуу. Бүтүндөй согуш аяктайт дегенди билдирет. План боюнча араб жана мусулман өлкөлөрдүн айрымдары жазуу жүзүндө, кээ бири оозеки түрдө Газаны куралсыздандырууга макул болушту. бул талап тез арада ишке ашышы керек. ХАМАСтын жана башка террордук уюмдардын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн толугу менен жок кылуу зарыл. Биз ХАМАС менен күрөшүүдө дал ошол өлкөлөргө жана башкаларга таянабыз. Мага жеткен маалыматтар боюнча, ХАМАС да муну аягына чыгаргысы келет. Бул жакшы белги»,-деди АКШ президенти Дональд Трамп.

Вашингтон даярдаган план 20 пункттан турат. Планды эки тарап колдоп берсе, 72 саат ичинде ХАМАС кармап турган барымтадагы бардык туткундарды бошотуу, Палестина менен Израил ортосунда өлгөндөрдүн сөөктөрүн, түрмөдөгү туткундарды алмашуу, айрыкча балдар менен аялдарды бошотуу, Газадагы ок атууларды дароо токтотуу каралган. Барымтадагыларды баары бошотулса, Батышта террорчул саналган ХАМАСка мунапыс берилип, анын мүчөлөру чет жактарга чыгып кетишине шарт түзүлөт. Андан соң тилкеден Израилдин аскерлери чыгарылып, палестин аймактарындагы тынчтыкты башында АКШ президенти турган Тынчтык кеңеши түзүлөт. Ошондой эле бул планда Израил Газаны басып же аннексиялап албашы керектиги да көрсөтүлгөн.

Ак үйдүн кире беришинде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну тосуп алып жатып Трамп жакынкы арада тынчтыкка жетерине “толук ишенип турганын” билдирди. Ал өз сөзүндө Трамп сунуштаган план менен макул экенин айтты:

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху.

«Сиздин планыңыз менин өкмөтүм согуштун аякташы үчүн даярдаган беш принципке шайкеш келет. Баары: “Сиздердин кийинки планыңыздар кандай?” деп сурайт. Туткундар тирүүбү, каза болгондорбу, баары дароо үйлөрүнө кайтарылат. ХАМАС куралсыздандырылат. Газа толугу менен демилитаризацияланат. Израил коопсуздукту камсыздоону өз мойнунда калтырат. Акырында, Газа тынч жарандык администрация тарабынан башкарылат. Бирок аны ХАМАС да, Палестина бийлиги да башкарбайт».

Эгер план ишке ашса Газа тилкесин башкаруу укугу технократтык комитетке өтүп, анын курамына палестиналык жана эл аралык эксперттер кириши керектиги сунушталган. Ал эми АКШ, Европа Биримдиги жана Израилде террордук деп табылган ХАМАС тобунун мүчөлөрү саясий жараяндарга катыша албайт.

Палестин Ислам Жихады кыймылынын лидери Трамп менен Нетаньяхунун биргелешкен билдирүүсүн “АКШ менен Израилдин ортосундагы келишим” деп атап, аны палестин элине каршы агрессияны улантуучу жана аймакты жардырууга алып келүүчү план катары мүнөздөдү.

Трамптын Газадагы согушту токтотуу боюнча сунушун жарыялангандан кийин Европанын жана Азиянын бир катар өлкөлөрүнүн лидерлери аны колдоп билдирүү жасашты.

30-сентябрда Германиянын канцлери Фридрих Мерц АКШ президенти Дональд Трамптын Газага тынчтык орнотуу боюнча планын кубаттады.

«Үч жылга жакын созулган кан төгүүдөн кийин бул план согушту токтотуунун эң мыкты мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Израилдин аны колдогону чоң кадам. Эми кезек ХАМАСта. Алар да макул болуп, тынчтыкка жол ачышы керек. Бул акыркы, бирок эң маанилүү кадам. Ошондуктан мен ХАМАСты бул планды колдоого жана аймактагы тынчтыкка жол ачууга чакырам».

«АКШнын Газадагы согушту токтотууга багытталган аракети чын жүрөктөн кубаттоого арзыйт жана мен бул үчүн президент Трампка ыраазычылык билдирем. Биз анын согушту токтотуу, барымтадагыларды бошотуу жана Газанын элине шашылыш гуманитардык жардам жеткирүү боюнча аракеттерин толук колдойбуз. Бул нерсе дароо ишке ашырылышы керек»,- деди Британиянын өкмөт башчысы Кир Стармер.

Өткөн аптада Батыштык бир нече өлкө палестин мамлекетин тааныган. Алар ХАМАС радикал уюму ал мамлекетте эч кандай роль ойнобошу керек деп белгилешүүдө. Израил Иордан дарыясынын батыш жээгинде палестин мамлекетин түзүүгө жол бербесин эскертип келатат.

Радикал ХАМАС уюму азырынча бул планга көз карашын билдире элек. 2023-жылдын 7-октябрында радикал топтун согушкерлери Израилге Газа тараптан чабуул койгондо 1200дөй адам өлтүрүлүп, 251 киши барымтага алынган. Андан бери туткундагылардын 140 чактысы бошотулду. Ушу тапта жоочулардын туткунундагы 20дай киши тирүү деп болжолдонууда.

Ал тапта Израил Газа тилкесиндеги аскердик операциясын улантып, абадан жана жерден сокку уруп жатат. Газанын саламаттыкты сактоо мекемеси өткөн аптада маалымдагандай, согуш башталгандан бери тилкеде 65 миңден ашык адам каза тапты, 167 миңден ашууну жарадар болду.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG