Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:41

Өзбекстанда бала бакчалардагы уулануу боюнча кылмыш иши козголду


Өзбекстандагы бала бакчалардын бири.
Өзбекстандагы бала бакчалардын бири.

Өткөн аптада Өзбекстандын Ташкент облусундагы бир нече райондо бала бакчаларда тамактан ууланган жүздөгөн жеткинчектер ооруканага жаткырылган. Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министрилигинин өкүлү Нурмат Атабеков билдиргендей, өткөн аптада бул аймакта ооруканага уулануу, гастроэнтериттин белгилери менен кайрылган балдардын саны 2000ге чукулдап, жекшембиде алардын 182си дагы эле дарылануусун улантып жаткан. Алгачкы иликтөө көргөзгөндөй, бала бакчалардагы массалык ууланууга аларга таратылган сапатсыз кефир себеп болушу мүмкүн.

Shark Milk Product ишканасы даярдаган сүт азыктары текшерүүгө алынып, бала бакчалардагы ууланууга байланыштуу кылмыш иштин алкагында жети киши камакка алынды. Алардын үчөө Аккурган районунда жайкашкан ишкананын кызматкерлери, калган төртөө бала бакчаларды тамак-аш менен камсыздаган компанияда иштегендер. "Ооруканадагы балдардын абалы жакшырып баратат, көпчүлүгү эки-үч күндүк дарылоодон кийин үйлөрүнө чыгып кетишти", - деп билдиришти дарыгерлер.

Шерине

XS
SM
MD
LG