Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:45

Камералар эми машинеде коопсуздук курун тагынбагандарды да аныктайт


Бишкекте көчөгө орнотулган көзөмөл камерасы.
Бишкекте көчөгө орнотулган көзөмөл камерасы.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 1-октябрдан тартып “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында видео камералар машинеде коопсуздук курун тагынбаган айдоочу жана жүргүнчүлөрдү автоматтык түрдө аныктай баштарын эскертти.

Аппараттык-программалык комплекстерге (АПК) коопсуздук курун тагынбай түшүп калгандарга башка жол эрежелерин бузуу фактыларындай эле айып пул салынат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы адамдарды ушундан улам эрежени сактоого чакырды.

Жыл башында Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында өлкөдө 12 миң камера коюлганын, эми “Коопсуз өлкө” долбоору ишке ашса шаар, айылдарда 25 миңдей камера иштеп, министрликтин борбордук тутумуна кошуларын айткан.

Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы иштей баштап, Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга, Бишкек - Торугарт, Бишкек - Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган. Долбоорду орусиялык “Вега” концерни ишке ашырган.

“Коопсуз шаар-2” долбоорун уткан Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd аттуу кытайлык компания жети облус, эки чоң шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакка видео көзөмөл коюп, жалпысынан 306 аппарат орнотушу керек болчу.

Бул долбоор пландалган мөөнөтүндө ишке ашпай калгандыктан, Санарип өнүктүрүү министрлиги Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясын 2022-жылы сотко берген. (BTo)



Шерине

XS
SM
MD
LG