Бишкек шаарынын борборунда техникалык коопсуздук эрежелери сакталбаган көп кабаттуу үйдүн курулушу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 28-сентябрда министр Нурдан Орунтаев пландан сырткары Бишкек шаарындагы курулуш объектилерин кыдырган. Натыйжада Москва көчөсү 120 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн курулушунда техникалык коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы жана курулуштун мыйзамдарына ылайык объектинин паспорту сыртка илинбегендиги аныкталды. Курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Even KZ” курулуш компаниясына айып салынып, курулуш иштери убактылуу токтотулду.
Мунун алдында Ош шаарындагы “Саламат Курулуш” ишканасы куруп жаткан көп кабаттуу турак үйдүн курулушу текшерилип, айрым талаптар сакталбаганы аныкталган. Натыйжада “Укук бузуулар” жөнүндө кодексинин негизинде 200 миң сом айып пул салынып, жазуу түрүндө эскертүү берилген.
Курулуш көп жүргөн ири шаарларда киши өмүрүн алган кырсыктар маал-маалы менен катталып жүрөт.
Буга чейин курулуштагы кырсыктын кескин көбөйүшүнө байланыштуу Бишкек шаардык архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы менен курулуш компанияларынын биринин жетекчиси кармалган. Бир нече жыл мурда объектилерден жумушчулар кулап кеткен он чакты учур катталса, акыркы убакта жылына жүздөн ашуун факты катталууда.
Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, 2022-жылы курулушта 11 адам кулап кетсе, 2023-жылы 73, 2024-жылы 172, ал эми 2025-жылдын 3 айында эле 30дан ашуун окуя катталган. (КЕ)
Бишкекте коопсуздук эрежесин сактабаган компаниянын курулушу убактылуу токтотулду

Шерине