Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:17

Түркмөнстандын мурдагы башкы прокурору Атажанова абакта каза болду


Түркмөнстандын мурдагы башкы прокурору Курбанбиби Атажанова.
Түркмөнстандын мурдагы башкы прокурору Курбанбиби Атажанова.

Түркмөнстандын мурдагы башкы прокурору Курбанбиби Атажанова түрмөдө каза болгонун бир нече көз карандысыз маалымат каражаттары ырасташты. 78 жаштагы Атажанова 1997-жылдан 2006-жылга чейин Түркмөнстандын башкы прокурору болуп иштеген жана азырынча бул кызматты ээлеген жалгыз аял.

2000-жылдардын башында ал Түркмөнстанда күчөгөн саясий куугунтуктарда чечүүчү ролду аткарып, ондогон саясатчылар менен мурдагы мамлекеттик кызматкерлерди узак жылдарга түрмөгө камоого катышкан.

2002-жылы ал кездеги түркмөн президенти Сапармурат Ниязовдун "өмүрүнө кол салуу аракети" болгону жарыяланып, өлкөдө жапырт камоолор болгон.

2006-жылдын апрель айында Атажанова өзү камакка алынып, бардык мамлекеттик чин, сыйлык, наамдары жокко чыгарылып, коррупцияга байланыштуу иштер боюнча 20 жылга эркинен ажыратылган. Ал мөөнөт бүтөрүнө бир жыл калганда мурдагы башкы прокурор катуу оорунун айынан абакта каза болуп, 27-сентябрда өзү төрөлүп өскөн Тежен шаарында жерге берилгени кабарланды.

Шерине

XS
SM
MD
LG