Бишкек шаарынын мэриясында калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында калаадагы жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча штабдын жыйыны өттү.
Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, анда калаадагы тыгын маселеси талкууланып, Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызматы башкармалыгына жол кыймылын эртең мененки 07:00дөн 10:00гө жана кечки 18:00дөн 20:00гө чейин күчөтүлгөн тартипте жөнгө салуу боюнча чара көрүү тапшырылды.
Жыйында ошондой эле жол жана тротуарларды оңдоо, жанаша жайгашкан аймактарды көрктөндүрүү маселелери да каралды.
Бишкек шаарында жаз-жай айларында башталган жол оңдоо иштерине байланыштуу көп көчөлөрдө автоунаалардын тыгыны күчөгөн. Сентябрда окуу жылы ачылган соң кыймыл көбөйүп, жолдогу тыгын башка көчөлөргө да жайылган. Жамгыр жааган күндөрү абал андан да оорлошууда. Буга байланыштуу коомчулукта сын-пикирлер күчөп жаткан.
11-сентябрда Жогорку Кеңеште аталган башкармалыктын жетекчисинин орун басары Эмил Жакыпов депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып, "шаарда жол тыгыны кескин айзайды" деп билдирген. Депутат анын сөзү туура эмес экенин айтып, тескерисинче, борбордо бул маселе курч турганына токтолгон.
Кийин ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкекте жол тыгыны кескин азайды деген билдирүүгө түшүндүрмө берип, шаарда туура эмес токтотулган машиналарды эвакуатор менен тазалаган жолдордо тыгын азайганын белгилеген.
Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев 2024-жылдын июнь айында борбордо 416 миң 837 автоунаа катталганын, мындан сырткары кирди-чыкты машинелерди эске алганда Бишкекте күнүнө 700 миңден ашык транспорт кирип жатканын айткан. Мэр ошол эле маалда калаанын унаа өткөрүү жөндөмдүүлүгү 350 миң машинага эсептелгенин, жол тыгынын чечүү аракети көрүлүп жатканын билдирген. (ErN)
Шерине