Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Парламент Гүлчө айылын шаар кылып өзгөртүүнү колдоду


Гүлчөнүн кире бериши. Алай району, Ош облусу, Кыргызстан.
Гүлчөнүн кире бериши. Алай району, Ош облусу, Кыргызстан.

Жогорку Кеңештин 25-сентябрдагы жыйналышында “Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл аймагын райондук маанидеги шаар категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралды.

Документ жөнүндө Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев баяндама жасап, Гүлчө администрациялык, маданий, экономикалык борбор болуп саналганын, инфратүзүмүн жаңылоо үчүн шаар деп атоо сунушталып жатканын билдирди. Ал мыйзамга ылайык, калкы 10 миң адамдан кем болбогон калктуу конуштар шаар категориясына киргизилсе болорун айтты.

Президент Садыр Жапаров 12-сентябрда Алай районунун XIX кылымдагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган мааракеде Гүлчө айылына шаар макамын ыйгаруу тапшырмасы берилгенин жарыялаган.

Базарбаев мыйзам кабыл алынса райондук мамлекеттик мекемелерди кайра каттоого болжол менен 3 млн сомдой кетиши мүмкүн экенин билдирди. Ал маселени кечиктирилгис чара катары карап, үч окууда бир кабыл алып берүүнү суранды.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында долбоор добушка коюлуп, үч окуудан дээрдик бир добуштан кабыл алынды.

Гүлчө айылы Алай районунун административдик борбору болуп саналат. Анда акимчилик, укук коргоо, сот, билим берүү, саламаттык сактоо жана башка бардык тармактардагы мекемелердин райондук бөлүмдөрү жайгашкан. 2023-жылкы эсеп боюнча айылдын калкы 14 миңден ашык деп саналган. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG