АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио БУУнун Башкы ассамблеясынын алкаганда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугуп, президент Дональд Трамп Кремлди орус-украин согушун токтотуу үчүн конкреттүү кадамдарды жасап, зомбулукту токтотууга чакырганын кайталады.
"Мамлекеттик катчы кан төгүүнү токтотуу боюнча Трамптын чакырыгын эске салып, орус-украин ортосундагы ок атышууну токтотуу үчүн Москва олуттуу кадамдарды жасашы керектигин белгиледи", - деп айтылат Мамлекеттик департаменттин басма сөз кызматынын башчысынын орун басары Томми Пиготтун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө.
АКШ менен Орусия делегацияларынын жабык жолугушуусу 50 мүнөткө созулду. Сүйлөшүүдөн чыккандан соң анын жыйынтыгы тууралуу суроого Лавров жооп берген жок, бирок колу менен кубаттаган белги берди. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Лавров Рубио менен сүйлөшүү учурунда "Украина кризисинин себептерин жоюу боюнча АКШ менен аракеттерди координациялоого даяр экенин" жана "Киев менен айрым Европа борборлорунун жаңжалды узартууга багытталган схемалары кабыл алынгыс экенин" белгиледи.
Мурдараак БУУнун Башкы ассамблеясындагы сөзүндө Дональд Трамп Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды токтотуу үчүн катуу аракет кылып жатканын айткан. Бул согушту токтотуу эң оңой болоруна жана ага Орусиянын президенти Владимир Путин менен жакшы мамилеси жардам берерине үмүттөнгөнүн билдирген.
"Баары Орусия үч күндүн ичинде бул согушта жеңет деп ойлошкон. Бул тез арада бүтө турган кагылышуу болот деп күтүшкөн. Бирок ал башкача болуп чыкты. Бул Орусияны терс жагынан көрсөтүп жатат", - деди Трамп.
Трамп мындан сырткары европалык өнөктөштөрдү Орусиядан мунай сатып алууну токтотууга чакырып, Кытай менен Индияны Москванын Украинага каршы согушун каржылап жатканы үчүн айыптаган.
Рубио Трамптын Украинадагы адам өлүмүн токтотуу чакырыгын кайталады

Шерине