Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:24

Зеленский: Украинадагы согуш баарына тиешелүү


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский БУУга мүчө өлкөлөрдү Украинадагы жана башка согуштарды токтотуш үчүн биргелешип аракеттенүүгө чакырды. Зеленский бул тууралуу БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө айтты:

«Дүйнөдө көптөр дагы эле согуштун аларга тиешеси жоктой, жайбаракат абалда жүрүшөт. Бирок азыр карагылачы, Башкы ассамблеядагы канча өлкө согуш абалында турат. Айрымдары жаңы эле согуштан чыкты, айрымдары аны токтотууга аракет кылууда же жаңы согушка ачык даярдык көрүп жатат. Согуш өтө көп мамлекеттерди чырмап салды, эми ал силерге тиешеси жоктой түр көрсөтүү мүмкүн эмес», - деди украин президенти.

«Бүгүн бардыгы силерден көз каранды. Силер тынчтыкка жардам бересиңерби же Орусия менен соода кылып, бул согушка анын каржылык мүмкүнчүлүгүн арттырасыңарбы - бардыгы силерден көз каранды. Силердин чечимиңерден туткундардын бошотулушу, уурдалган балдардын үйлөрүнө кайтарылышы, барымтадагылардын чыгарылышы көз каранды. Биздин келечегибизди ушу тапта эмне аныктап жатат? Азыр согуш аныктап жатат. Бирок аны биргелешкен чечкиндүү аракеттер аныкташы керек», — деп белгиледи ал.

Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп менен жана башка таасирдүү лидерлер менен жолугушканын да айтты.
Шейшембиде Украинанын президенти Нью-Йоркто БУУнун Коопсуздук кеңешинин Орусиянын Украинадагы согушуна арналган жыйынында «Кытайдын колдоосу болбосо, Орусиянын кудурети калмак эмес», - деп билдирген.

Ал 23-сентябрда Дональд Трамп менен жолугушканын айтып, анда «бир нече демилгелер» талкууланганын белгиледи. Украина лидери ошондой эле тынчтык орнотуу боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө байланышкан АКШнын ар бир сунушуна макул болгонун, бирок «Орусия дайыма жок деп жооп берип, же ок атышууну токтотпоонун амалын издеп келгенин» айтты.

АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин БУУнун жыйынында сүйлөп жатып, Кытай менен Индияны Орусия менен экономикалык байланышы үчүн Украиндагы согуштун негизги демөөрчүлөрү деп атаган. Ошол эле учурда АКШ лидери Москвага каршы санкцияларды киргизүү мүмкүн экенин эскерткен.

Дүйнө лидерлери БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркто чогулган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG