Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:38

Казакстандын мурдагы прокурору Германияда кармалды


Германияда Казакстандын мурдагы транспорт прокурору Максат Дүйсенов кармалды. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлигине таянып, жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, эл аралык издөөдө жүргөн Дүйсенов Германиянын укук коргоо органдары тарабынан колго түшүрүлгөн.

«Интерполдун улуттук борбордук бюросу Казакстандын өтүнүчү менен эл аралык издөөдө жүргөн Д. аттуу жаранды Германиянын Фюрт шаарында кармады», - деп айтылат маалыматта.

Максат Дүйсенов 2018-жылдын август айынан 2019-жылдын апрелине чейин Казакстандын башкы транспорт прокурору болуп иштеген. Ага чейин Мамлекеттик кызмат жана коррупцияга каршы күрөш агенттигинин төрагасынын жардамчысы болгон. Ошондой эле Коопсуздук кеңешинде жана «Самрук-Қазына» фондунда бир катар кызматтарды аркалаган.

2012-жылы ал пара алганы үчүн Экономикалык жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөш департаментинин жетекчиси кызматынан бошотулган.

Бир нече жума мурун КазТАГ агенттиги Дүйсеновго издөө жарыяланганын жазган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG