Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:38

Зеленский: Бээжин согушту токтоткусу келсе, Москва ага мажбур болмок


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Шейшембиде Украинанын президенти Владимир Зеленский Нью-Йоркто БУУнун Коопсуздук кеңешинин Орусиянын Украинадагы согушуна арналган жыйынында сөз сүйлөдү. Зеленский анда «Кытайдын колдоосу болбосо, Орусиянын кудурети жок» деди.

«Азыр Орусия толугу менен көз каранды болуп калган күчтүү өлкө бар. Эгер Бээжин чындап эле бул согушту токтоткусу келсе, Москваны Украинанын аймагын басып кирүүнү токтотууга мажбурлай алмак. Кытайсыз Путиндик Орусиянын кудурети жок. Бирок Кытай көп учурда үн катпай, тынчтык үчүн аракет көрүүнүн ордуна четте турат», - деди украин президенти.

Зеленскийдин айтымында, Орусияны согушту токтотууга мажбурлай ала турган дагы бир өлкө - АКШ. Ал 23-сентябрда Дональд Трамп менен жолугушканын айтып, анда «бир нече демилгелер» талкууланганын белгиледи.

Украина лидери ошондой эле тынчтык орнотуу боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө байланышкан АКШнын ар бир сунушуна макул болгонун, бирок «Орусия дайыма жок деп жооп берип же ок атышууну токтотпоонун амалын издеп келгенин» айтты.

Зеленский Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүн согушту токтотуу үчүн биригүүгө чакырды. Бээжиндин өкүлдөрү жыйында анын сөздөрүнө түз реакция кылган жок. Кытай өзүнүн бейтарап позициясын карманып, согушту тынчтык жолу менен жөнгө салууну жактарын кайталады.

АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин БУУнун жыйынында сүйлөп жатып, Кытай менен Индияны Орусия менен экономикалык байланышы үчүн Украиндагы согуштун негизги демөөрчүлөрү деп атаган. Ошол эле учурда АКШ лидери Москвага каршы санкцияларды киргизүү жөнүндө да эскерткен.

Дүйнө лидерлери БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко чогулган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG