Жогорку Кеңеш 24-сентябрдагы жыйынында тоолуу аймактардагы көп балалуу энелерге бир жолку “Бала береке” төлөмүн берүүнүн тартибин аныктоо боюнча долбоорду үч окууда карап, жактырды. Аны Министрлер кабинети демилгелеген. Ага ылайык, төлөм ала турган энелер тоолуу жана жолу татаал алыскы аймактарда кеминде алты жыл жашоого тийиш.
Муну менен "Мамлекеттик жөлөкпулдар" мыйзамына өзгөртүү киргизилет.
Бир жолку төлөм бала бир жашка чыкканда берилет. Бул тизмеге 2026-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөн төртүнчү жана андан кийинки перзентти жарык дүйнөгө алып келген апалар кирет.
Буга байланыштуу жарлыкка президент Садыр Жапаров былтыр 23-декабрда кол койгон. Ага ылайык, 2026-жылдан тартып төрт жана андан көп балалуу үй-бүлөлөргө бир жолу төлөнүүчү каражат бериле баштайт.
Төртүнчү баласын төрөгөндөргө – 100 000 (жүз миң) сом;
Бешинчисине – 600 000 (алты жүз миң) сом;
Алтынчысына – 800 000 (сегиз жүз миң) сом;
Жетинчи балага – 1 000 000 (бир миллион) сом;
Сегизинчи балага – 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом;
Тогузунчу балага – 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом;
Он жана андан көп балалуу болгондорго 2 000 000 (эки миллион) сом каралган.
Өлкөнүн Статистика комитетинин маалыматына караганда, 2024-жылы ушундай аймактарда жашап, 4төн 10 балага чейин төрөгөн 1900 эне катталган.
Кыргызстанда азыр жети жана андан көп балалуу энелерге “Баатыр эне” наамы ыйгарылат. 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин “Баатыр эне” орденин алгандардын саны 40 миңге жакындады. (КЕ)
Шерине