Ички иштер министрлиги Кыргызстандын жана бир катар чет мамлекеттердин жарандары эл аралык кылмыштуу топ түзгөндүгү аныкталып, атайын операциянын натыйжасында сегиз киши кармалганын 24-сентябрда билдирди. Маалыматка караганда, алар Кыргызстандын аймагында колл-борборлорду уюштуруп, АКШ, Канада жана Европа өлкөлөрүнүн жарандарына телефон чалып, алдамчылык менен алектенишкен.
"Кылмышкерлер алдамчылыктын ар кандай схемаларын колдонушкан, жасалма документтерди жасоо, жасалма компанияларды түзүү, социалдык тармактар, мессенжерлер жана криптовалютага байланышкан телефон алдамчылыгы. Топтун бардык мүчөлөрү Түркияда таанышып, акыркы үч айда Кыргызстанга келишкен", - деп жазылган ИИМ тараткан маалыматта.
Ыкчам иш-чаралардын алкагында алардан 9 ноутбук, "Apple" үлгүсүндөгү планшет, 20 уюлдук телефон, 26 720 АКШ доллары жана 550 евро өлчөмүндөгү акча каражаты, паспорт, чет өлкөлүк операторлордун уюлдук карталары, 22 банк картасы, 4 Wi-Fi роутер, ошондой эле жалпы салмагы 23,6 грамм болгон баңги каражаты (кара куурай) табылган.
ИИМдин маалыматында, кылмыштуу топ уурдалган криптовалютаны кайтарып алууга адистешкен жасалма компанияларды түзгөн. Юридикалык же техникалык жардамдын түрлөрүнө жамынып, кылмышкерлер жабыр тарткандардын ишенимине кирип, алардын акчасын кайра алдап кетишкен. Мындан тышкары кылмышкерлер социалдык тармактардан сүрөттөрдү таап, жасалма интеллекттин жардамы менен документтерди (паспорттор, айдоочулук күбөлүктөр ж.б.) жасашкан.
Жабыр тарткандардан алынган каражаттар Европада жашаган жана "Маршмеллоу" деген лакап аты менен белгилүү Иван аттуу белгисиз адамдын көзөмөлүндө турган жана Европалык банктардагы эсептерге которулган.
Кыргызстанда соңку учурда интернет, телефон аркылуу шылуундарга алданып калган, ири суммадагы акчасынан кол жууган учурлар көбөйдү.
Улуттук коопсуздук комитети баштаган бир катар министрлик, мекемелер жетекчилердин атын атап кызматкерлерди алдагандар пайда болгонун маалымдашкан.
Буга чейин Улуттук банк шылуундарга алданганы тууралуу жарандардан ай сайын 300дөн 500гө чейин арыз түшөрүн билдирип, сак болууну эскерткен. (КЕ)
ИИМ алдамчылык менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топ кармалганын билдирди

Дагы караңыз
Шерине