Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:01

Аба ырайы: 25-сентябрда үшүк жүрүшү мүмкүн


Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, 25-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде абанын температурасы 0…-2° чейин түшүп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштер, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

25-сентябрда өлкө аймагында түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 22…27;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26;

Баткен облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 25…27° жылуу болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG