Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын лидерлеринин бири Зубайдулло Розик абакта каза болгонун "Озоди" радиосу анын жакындарына таянуу менен 24-сентябрда кабарлады.
Маркум 83 жашта болчу. Жакындары ал узакка созулган оорудан кийин кайтыш болгонун билдирген.
Зубайдулло Розик 2015-жылдын күзүндө аталган партиянын башка мүчөлөрү менен бирге кармалган. Аларга Тажикстандын коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзоданын жетекчилиги менен аскердик төңкөрүш уюштурууга аракеттенген деген айып тагылган.
2016-жылы Розик 25 жылга эркинен ажыратылган.
Ал 2021-жылы тажик президенти Эмомали Рахмонго кат жазып, ишин кайра карап чыгууну өтүнгөн. Өзүнө тагылган айыптар ойдон токулганын айткан.
2020-жылдын сентябрында күч органдары Зубайдулло Розиктин уулу Асрориддин Розиковду кармап, тыюу салынган партиялардын ишин уюштурган деп айыптаган. Ошол эле жылы декабрда сот аны беш жылга кескен.
Тажик бийлиги Ислам кайра жаралуу партиясын 2015-жылы террордук деп тапкан. Анын мүчөлөрү куугунтукка кабылып келатат.
Шерине