Бүгүн 24-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда кеңешме өтүп, анда Чүй облусунда, Казакстан менен чек арада жайгашкан "Чалдыбар" автомобилдик көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги абал каралды. Жыйын учурунда бир катар мекеменин кызматкерлери аралашкан туруктуу коррупциялык схема аныкталганы айтылып, бир топ кызмат адамы ошол жерден кармалды.
Атайын кызмат аталган көзөмөл-өткөрмө пунктундагы туруктуу коррупциялык схеманы түзүүгө Салык кызматынын, Чек ара кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Айыл чарба министрлигинин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик контролдоо боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлеринин катыштыгы болгонун билдирди.
"Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү пунктунун иш зонасында Салык кызматынын, Чек ара кызматынын, Транспорт министрлигинин жана Айыл чарба министрлигинин кызмат адамдары өзүнчө "ортомчулар" менен сүйлөшүп, товарларды коштоочу жалган документтерди колдонуу менен ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товарларды мыйзамсыз импорттоо (контрабанда) боюнча коррупциялык схема түзүшкөнү аныкталган", - деп жазылган УКМК тараткан маалыматта.
Атайын кызмат алынган далилдердин негизинде Салык кызматынын жети кызматкери, Чек ара кызматынын алты, Айыл чарба министрлигинин Фитосанитардык кызматынын жети жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик контролдоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрт кызматкери жыйын учурунда кармалганын билдирди.
УКМКнын маалыматында, ортомчулар "ТД Жорго" жана "Радиант" фирмалары аркылуу жасалма маалыматтар менен жасалма документтердин негизинде жүк ташып келүү үчүн оор жүк ташуучу бир транспорт бирдигине 1500дөн 2000 долларга чейин акча алышкан. Кызмат адамдарынын сый акысы 5-7 миң сомго жеткен. Ал эми "Чалдыбар" өткөрмө пунктунан күн сайын 80 000 сом чогултулган.
Кеңешмеде Ташиев "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзам кабыл алынганына карабастан айрым жетекчилердин көзөмөлү начар болуп, коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга багытталган түшүндүрүү, алдын алуу жана талдоо иштери чабал, кадр дайындоо маселеси начар болуп жатканын белгиледи.
Ташиев бардык күнөөлүү адамдарды иштен бошотууну, алардын мүлкүн камакка алууну, бул коррупциялык схемага тиешеси бар дагы башка адамдарды аныктоо үчүн зарыл болгон ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүүнү, анын жыйынтыгы боюнча аларды камакка алууну, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилерине карата ээлеген кызматын кароо жөнүндө сунуштарды берүүнү тапшырды.
Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат.
Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт.(КЕ)
Шерине