Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:10

Башкырстанда дрон чабуулунан "Газпромдун" мунай химия заводунда өрт чыкты


Салават шаары. 24-сентябрь, 2025-жыл
Салават шаары. 24-сентябрь, 2025-жыл

Учкучсуз учактар Башкырстандагы "Газпром нефтехим Салават" ишканасына 24-сентябрда сокку урду. Маалыматты Орусияга караштуу Башкырстан Республикасынын башчысы Радий Хабиров ырастады.

"Зыяндын даражасын аныктап атабыз. Жеринде чукул кызматтар иштеп, өрттү өчүрүү аракети көрүлүүдө", – деп жазды ал Телеграм-каналына.

Ишкана жайгашкан Салават шаарынын тургундары жарылуулардын добушу угулганын айтууда.

Орусиялык жана украиналык Телеграм-каналдар жарыялаган сүрөт-видеолордон ишкана орун алган аймакта коюу түтүн абага көтөрүлгөнүн көрүүгө болот.

Украин бийлиги чабуул тууралуу комментарий бере элек.

"Газпром нефтехим Салават" ишканасына 18-сентябрда да дрон соккусу болгон.

Украина тарап акыркы убакта Орусиянын мунай заводдоруна чабуулдарын күчөттү. Мындан улам Орусиянын өзүндө мунай тартыш болуп, андан бензин алган өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы көтөрүлдү.

Шерине

XS
SM
MD
LG