Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:10

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты алдамчылыкка шектелип кармалды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип "Береке курулуш компаниясы" ишканасынын директору, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты С. У. Ч. кармалганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 2019-жылы апрелде С. У. Ч. менен А.А. аттуу жарандардын ортосунда көп кабаттуу турак үй куруу жөнүндө үлүштүк катышуу келишими түзүлгөн. Анын алкагында А.А. Ош шаарынын аймагынан 45 сотых жер тилкесин берген.

"Келишимдин шарттарына ылайык, курулуш компаниясы курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайдын жалпы аянтынын 2750 чарчы метрин курулуш иштери аяктагандан кийин А. А.га өткөрүп берүүгө милдеттенген. Бирок С. У. Ч. өзүнүн таасирин пайдаланып, келишимдик милдеттенмелерин аткарбай, жер тилкесин өзүнүн атына мыйзамсыз каттатып алган", - деп жазылган УКМКнын маалыматында.

Жүргүзүлгөн териштирүүнүн жыйынтыгында С. У. Ч. тергөө иштери аяктаганга чейин камакка камалды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту ("Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык") боюнча айып тагылды.

Шектүүнүн аты "Кыргызстан" саясий партиясы менен парламентке депутат болуп барган Садиков Улугбек Чирмашовичтин аты-жөнүнө дал келет. Ал 2020-2021-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышында депутат болгон. Юстиция министрлигинин электрондук реестринде «Береке» курулуш компаниясынын жетекчиси деп да ушул жарандын аты жазылган.

УКМК жарыялаган маалымат боюнча анда аты аталган тараптар комментарий бере элек. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG