Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:53

Жогорку Кеңеш менчик клиникаларга эмдөө укугун берүүнү колдоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш бүгүн 24-сентябрда менчик клиникаларга эмдөө жүргүзүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун үч окууда карап, жактырды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда улуттук күн тартибине киргизилген профилактикалык эмдөөлөр биринчи кезекте мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемелеринде жүргүзүлөт. Бул жеке клиникаларда каттоодо турган жарандарга бир катар кыйынчылык жаратууда.

"Жарандар эмдөө алыш үчүн мамлекеттик клиникаларга барып, кошумча түйшүк жаратышы мүмкүн. Эң негизгиси профилактикалык эмдөөнү камтуу деңгээлин төмөндөтүп, эпидемиологиялык коопсуздукка дагы таасирин тийгизет", - деди министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги жыл сайын эмдөөдөн баш тарткандар 20 миңге чейин жетип жатканын белгилеген. Алардын 43% диний ишенимден улам, 45% вакцинанын коопсуздугу жана натыйжалуулугу боюнча шек санагандыктан ушундай чечим кабыл алгандар экени айтылган.

Диний ишенимден улам вакцинадан баш тартуу адаты 2012-жылдан тартып башталган. Анын кесепетинен 2014-2015-жылдары Кыргызстанда кызамыкка кабылгандар кескин көбөйүп, 17 миңге жеткен. Натыйжада ири эмдөө кампаниясы жүргөн.

Соңку жылдары өлкөдө жугуштуу кызамык оорусуна чалдыккандардын саны көп болууда. Илдет жуккандардын басымдуу бөлүгү эмделбегендер экенин министрлик белгилеп келет.

2018-2019-жылдары да кызамыкты жуктургандардын саны кескин жогорулап, кайрадан эмдөө күчөтүлгөн.

Кыргызстанда быйыл алты айда кызамык (корь) жуккан 8 572 бейтап катталган. Ушул убакыттын ичинде ооруга чалдыккан 10 бала чарчап калган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG