Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:45

Парламент БШК мүчөлүгүнө Касмамбетов менен Мамбетаиповду дайындоону колдоду


Сүйүнбек Касмамбетов.
Сүйүнбек Касмамбетов.

Жогорку Кеңеш Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө Сүйүнбек Касмамбетовду жана Кабылбек Мамбетаиповду дайындоону колдоду. Аларды бул орундарга мамлекет башчы Садыр Жапаров сунуштап жатканын президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов билдирди.

Алардын талапкерлигин 23-сентябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети карап, жактырган.

ЖК мунун алдында БШКнын мүчөсү Анар Дубанбаеваны өзү жазган арызынын негизинде кызматтан бошотууну колдогон.

Сүйүнбек Касмамбетов быйыл май айында мамлекеттик катчы кызматынан "жаңы адамдарга орун бошотуу үчүн өз эрки менен" кеткен.

Кабылбек Мамбетаипов Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын директору болуп иштейт.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет сунушту бир добуштан колдоду.

Борбордук шайлоо комиссиясы 12 мүчөдөн турат. 2021-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, анын алтоосун президент, алтоосун Жогорку Кеңеш сунуштайт. Соңку курам ошол жылы жаңыдан бекилген. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG