22-сентябрда Дүйшөмбү шаарында Орусия менен Тажикстандын Ички иштер министрликтеринин биргелешкен жыйыны болуп, ага эки өлкө министрлери Владимир Колокольцев менен Рамазон Рахимзода төрагалык кылды. Бул тууралуу Тажикстандын Ички иштер министрлиги кабарлады.
Тараптар биргелешип кызматташуу, маалымат алмашуу жана кылмыштардын бетин ачууда чогуу чара көрүү маселелерин талкуулашты. Жыйында белгилүү болгондой, быйылкы жылдын сегиз айында Тажикстанда издөөдө жүргөн 400 киши Орусиянын аймагынан кармалды. Бул 2024-жылдагыга салыштырмалуу эки эсе көп.
Жыйында коңшу өлкөлөр менен чектеш аймактардагы кылмыштуулукту иликтөө, биргелешкен тергөө-ыкчам тобун түзүү сүйлөшүлдү. Жалпы маалымат базасын түзүү да талкууланды.
2024-жылы Москвадагы Крокус Сити Холлдо кеминде 145 адамдын өмүрүн алган кол салуудан кийин Орусияда борборазиялык мигранттарга терс мамиле күчөгөн. Бул кол салууга тиешеси бар деген шек менен тажикстандыктар кармалган эле.
Соңку бир жыл ичинде Орусияда мигранттарга шартты катаалдаткан бир катар мыйзамдар кабыл алынды. Ошол эле учурда милиция, укук коргоо органдарынын кысымы күчөдү. Кремль муну “мыйзамсыз миграцияга каршы жасалган рейд” катары сыпаттайт.
Быйыл 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим кирген. Ага ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүктөрдү айрым укук бузуулар үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу.
Тажикстанда издөөдө жүргөн 400 киши Орусияда кармалды

Дагы караңыз
Шерине