Польшада санкцияларды кыйгап өтүү менен Беларус менен Орусияга 600гө жакын кымбат баалуу унааларды сатууга байланыштуу 20 киши кармалды. Бул тууралуу Польша полициясынын борбордук тергөө бюросу билдирди. Бул топ 2021-2025-жылдар аралыгында Польшада, Чехияда, Литвада, Германияда жана башка Европа өлкөлөрүндө иш алып барган деп болжолдонууда. Алар жасалма компанияларды колдонуп, башка фирмаларды ачып, кылмыштуу аракеттерин жашырып келген деп айтылды.
Кармалгандар BMW, Mercedes, Porsche, Lexus жана Range Rover үлгүсүндөгү "люкс" класстагы автомобилдерди сатып алып, башка компанияларга кайра сатып, ЕБ өлкөлөрүндөгү сатып алуучулар арасында бөлүштүрүлгөн. Ал жактан кайра Польшага ташылып, акырында Орусия менен Беларуска, беларус, азери жана казак компаниялары аркылуу сатылганын полиция билдирүүдө.
Топтун мүчөлөрү көзөмөлдөгөн компаниялар 11 миллион доллар суммадагы кошумча нарк салыгын негизсиз кайтарып алышкан деп болжолдонууда.
Алар уюшкан кылмыштуу топко катышкан, жасалма нарк салыгынын эсеп-фактураларын берген, акчаны адалдоо жана санкциялардан качкан деп айыпталууда. Ошондой эле үч адамга кылмыштуу топту жетектеген деген айып коюлуп, сот аларды үч айга камакка алуу чечимин чыгарды.
Дагы караңыз
Шерине