Кыргыз президенти Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында Бишкек убактысы боюнча 24-сентябрга караган түнү сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө дүйнөдөгү учурдагы абалга токтолуп, Украина, Жакынкы Чыгыштагы согуштарды токтотуу, Украинадагы согушка байланыштуу Кыргызстандагы айрым ишканаларга салынган санкцияларды алуу, Ооганстандагы учурдагы кырдаалды жакшыртуу үчүн буга чейин камакка алынган активдерин бошотуу, климаттык өзгөрүүлөргө бирге каршы туруу сыяктуу маселелерге көңүл бурду.
Садыр Жапаров Кыргызстан учурдагы туруктуулук жана экономикалык өсүү үчүн сыймыктанарын, бирок ага жетүүнүн куну оңой болбогонун билдирди. Кыргыз президенти БУУнун трибунасынан Кыргызстан мындай кыйынчылыктарга карабай өзүн мамлекет катары түптөй алганын жар салды.
Жапаров бул жолу БУУдагы сөзүндө дипломат катары сыпаа билдирүүлөр менен чектелбей, “дүйнөдө болуп жаткан эл аралык окуяларга өзүнүн чыныгы ой-пикирин, ой толгоосун билдирген жөнөкөй адам, өз мамлекетинин жөнөкөй жараны катары” айткысы келгенин билдирди.
Кыргыз президенти дүйнөдө согуштардан миллиондогон карапайым адам жабыркап жатканын, бирок дүйнө коомчулугу буга кош стандарттуу мамиле кылып жатканын сынга алды.
“Украинада дээрлик төрт жылдан бери жаңжал уланып, адамдар өлүп, жарандары өлкөдөн качып чыгууда. Биз АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусия президенти Владимир Путиндин Украинадагы жаңжалды жөнгө салууга багытталган аракеттерин жана чечимдерин колдойбуз. Биз буга кызыкдарбыз! Анткени орус-украин жаңжалынан улам биз дагы жапа чегип жатабыз. Бир тараптуу санкциялар бизге, жаңыдан бутуна туруп келе жаткан өлкөгө да кесепетин тийгизүүдө”, - деп билдирди.
Буга байланыштуу Жапаров санкцияларды негизсиз деп атап, аны ички ишке кийлигишүү, басым деп баалады.
Ал дүйнөнүн башка өлкөлөрү да Орусия менен кызматташып жатканын эске салып, Кыргызстандын эки банкына салынган санкцияны алууну талап кылды.
Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга токтолуп, палестиндерге тилектештигин билдирди.
Ал палестиналыктарга каршы геноциддин токтотулушун жана БУУнун Эл аралык сотунда иликтөө башталышын талап кыларын кошумчалады.
Шерине