Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Аскерде жоокерлерге зомбулук көрсөтүүгө шектүүлөр камакка алынды


Кыргыз армиясы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз армиясы. Иллюстрациялык сүрөт.

Базар-Коргон районундагы 5-кайтаруу батальонунун кароол башчысынын жардамчысы, ефрейтор Т. у. Н. катардагы жоокерге зомбулук көрсөткөндүгү 8-сентябрда аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура 9-сентябрда маалымдап, Кылмыш-жаза кодексинин 388-беренеси (Бири-бирине баш ийүүчүлүк мамилеси болбогон аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголгонун, ефрейтор Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди.

Бул ишке алгач Акыйкатчы институту көңүл буруп, окуянын чоо-жайын тактаган.

Маалыматка караганда, окуя 2-сентябрга караган түнү болжол менен 03:30дар чамасында ефрейтор Т. у. Н. менен ошол күнү күзөттө турган катардагы жоокер А.А. ортосунда болгон. Аскер кызматкерлеринин айтымында, ефрейтор мас абалында түн ичинде аскер бөлүккө эки жолу келген. Түндө күзөттө турган жоокер менен айтыша кетип, аны 3-4 жолу башка урган. Ошондо гана аны аскер бөлүктүн командиринин орун басары үйүнө жөнөткөн.

27 жаштагы ефрейтор Т. у. Н. Базар-Коргон аскер комиссариаты аркылуу чакырылып, аталган батальондо быйыл февраль айынан бери келишим менен кызмат өтөөдө.

Башкы прокуратура мындан сырткары Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы Чек ара кызматынын 2026 аскер бөлүгүндө катардагы жоокерлерге карата зомбулук жана кыйноо фактысы боюнча кылмыш ишин козгогонун, шектүү катары бөлүмчө командири, прапорщик А. Б. Т. кармалганын маалымдады. Шектүү Бишкек гарнизонунун аскер гауптвахтасына киргизилди.

Учурда бул кылмыш иштери боюнча тергөө уланып жатат.

Акыйкатчы институтунун маалыматына караганда, быйыл сегиз айда Коргоо министрлигинин аскер госпиталына жалпысынан 783 адам кайрылса, анын 114ү катардагы жоокерлер. Январь-июль айларында 8 аскер кызматкери жаракат алган. Алардын алтоонун буту, бирөөнүн сол тарабындагы 4-5 кабыргасы жана дагы бирөөнүн омурткасы сынган. Дагы эки жоокер күйүк алып госпиталга түшкөн.

Мындан улам акыйкатчы Жамиля Жаманбаева тиешелүү мамлекеттик органдарды жоокерлердин жана аскер кызматкерлеринин укуктарын сактоого жана коопсуздугун камсыздоого чакырган. Ал аскер госпиталындагы ар бир окуяны тыкыр иликтөө зарылдыгын белгилеген.

Акыйкатчы институту өлкө боюнча 25 аскер комиссариатына мониторинг жүргүзүп, бир катар олуттуу кемчиликтер аныкталганын билдирген.

Кыргызстанда аскерде кызмат өтөп жатып каза болгон, түрдүү жараат алган окуялар буга чейин да катталган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG