Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

"Сунуш элден түшкөн". Жалал-Абадды Манас деп өзгөртүү демилгеси талкууда


Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков.
Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков.

Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинде 9-сентябрда дароо үч окууда кабыл алынды. Документ эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

Демилгени Жалал-Абад мэриясы көтөрүп, шаардык кеңеши колдогон. Жалал-Абадды Манас шаары деп атоо өлкөнүн борборун ушул калаага көчүрөбү деген талкууга жем таштады. "Азаттык" бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков менен маектешти.

- Эрнисбек мырза, Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүү демилгеси кайдан чыкты? Эмне себептен шаардын аталышын өзгөртүүнү чечтиңер?

- 1877-жылы негизделген бул шаар. Жалал-Абаддын бул аталышы боюнча түрдүү уламыштар бар. Ошол 1877-жылы Жалал-Абад шаарындагы Шор-Булак деген жерге Жалалиддин деген табып адам келип, элди дарылай баштаган. Ошо мезгилде бул адамды издеп келип, эмделгендердин саны көп болгон экен, көбү "Жалалиддинге барабыз" деп жүрүп кийин шаар Жалал-Абад деп аталып калган экен. Бүгүнкү күндө мындай маалыматты тарыхчылар да айтып жүрөт. Өзүңөр билгендей, акыркы мезгилде Жалал-Абад шаарынын өсүп-өнүгүүсү, архитектуралык көрүнүшү жана башка маселелер боюнча жергиликтүү элден сунуштар түшкөн. Арасында шаардын аталышын өзгөртүү боюнча да сунуштар болгон. Ошондуктан 3-сентябрда шаардык кеңештин депутаттарына бул боюнча сунуш бердим. Ага чейин депутаттар өздөрү деле эл менен жолугушуу учурларында мындай суроо көп айтылчу. Биздеги 7 аймактык башкаруулардан да сунуш берилип, протоколдук чечимдер чыккан, анын баарын кошуп, депутаттарга сунуш бердик. Алар шаардын аталышын өзгөртүү боюнча бир катар талкуу кылышты, кээ бирлер Курманбек деп атайлы, кыргыздын баатыры болгон дешти. Анын атынан аталган өрөөн да бар. Ал сунушту колдогон жокпуз, себеби Кыргызстандагы белгилүү бир саясатчынын аты да Курманбек, ошол кишинин атынан шаар аталды деп талаш-талкуу жаралбасын деп кыргыз элине таанымал, элдин башын бириктирген Манас атабыздын ысымын ыйгаруу көпчүлүктүн колдоосун тапты.

- Шаарды Манас деп өзгөртүүнүн артында аны борбор калаа кылуу аракети жаткан жокпу деген талкуу да жүрүп жатат. Аны өзүңүз деле көрүп жатсаңыз керек. Бул канчалык реалдуу?

- Бул саясий суроо, ага мен жооп бере албайм. Жалал-Абад деген уламыштардын эле негизинде берилген аталыш, эч кандай факт жок. Биз ошондуктан Манас шаарын кылалы деген эле ойдо болчубуз. Борбор катары Бишкек шаары турат. Борбор калаа Жалал-Абадга көчүрүлөт деген кептерди мен уга элекмин.

- Негизи эле Жалал-Абад шаары өлкө борбору болууга потенциалы барбы? Инфраструктурасы, аянты, суу ресурстары жана башкалар талапка жооп береби?

- Эгер борбор биздин Жалал-Абад шаарыбызга жылып калса эмнеси жаман? Албетте, жакшы нерсе, биз ага үмүттөнөбүз. Бирок мен андай чечимди уга элекмин. Эгер чечим чыгып, борбор калаа көчө турган болсо биздин шаарыбыз талаптарга толук жооп берет деп айта алам. Борбор болуу үчүн шаарыбыз кандай талаптарга жооп бериши керек, анын критерийлери кандай экенин мен так билбейм, аны карай элекмин.

- Шаардын аталышынын өзгөрүүсү жергиликтүү тургундардын турмушуна кандай таасир этет? Бул процесс канча убакытты жана ресурстарды талап кылат? Чыгашасы эсептелип чыктыбы?

- Чыгымы эсептелип чыкты, 15 млн сомго жакын экен. Себеби биз мөөрлөрдү өзгөртүп, Жалал-Абад шаары деген стелланы, кагаз иштерин алмаштырышыбыз керек. Экономисттер биздин ушул иштерге 15 млн сомго жакын каражат сарпталат дешти. Ал эми ишке ашыруу убактысы боюнча, азыр биз шаардык кеңештин макулдугун алып, облустук бийликке жөнөттүк. Облустук жетекчилигибиз Министрлер кабинетине жөнөттү. Алардын комиссиясы бар. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттиги өз кезегинде мыйзам долбоорун толуктап, даярдап, Жогорку Кеңешке жөнөтөт.

- Жалпысынан аталышты өзгөртүү жараяны кандай жүрөт?

- Коомдук талкууда бул документ мыйзам боюнча 10 күн туруп, коомдук пикирлерди эске алып, "тегерек стол" талкуулары уюштурулушу зарыл. Ошондон кийин ал дагы мыйзам долбооруна тиркелет. Жалпылап айтканда бир айдын тегерегинде Жогорку Кеңеш карап берет деп ишенип отурабыз. Балким андан да эрте болуп калышы ыктымал.

Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүү сунушу
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:22 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG