Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:13

Казак президенти калкка кайрылуусунда бир катар реформаларды сунуштады


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.

Касым-Жомарт Токаев 8-сентябрда парламенттин кош палаталарынын биргелешкен жыйынында салтка айлангандай калкка кайрылуу жасап, кеңири коомдук талкуудан кийин референдум өткөрүп, Сенатты жоюп, бир палаталуу парламентке өтүүнү сунуштады.

Андан сырткары Башкы прокуратурага караштуу Мыйзамсыз активдерди кайтаруу комитетин Инвесторлордун укуктарын коргоо комитетине айландыруу демилгесин көтөрдү.

"Башкы прокуратура мыкты иштеп, мамлекеттик казнага мыйзамсыз активдерди кайтаруудан бардыгы 850 миллиард тенге топтолду. Бул каражатка он мектеп, төрт спорт комплекси, 235 медициналык объект курулуп, же модернизацияланып, сууну бөлүштүрүп башкаруу системасынын 177 объекти жаңыланды", - деп билдирди казак президенти элге кайрылуусунда.

Байкоочулар 2022-жылдын январь айында Алматыда болгон кандуу окуялар мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин жакын адамдары менен азыркы бийликтин ортосундагы кармаштан улам келип чыккан деп эсептешет. Ал окуялардан кийин Назарбаевдин көп сандаган туугандары кызматтан алынып, кээ бирлери кармалып, кылмыш иштери ачылган. Ошондон бери жыл сайын казак бийлиги мыйзамсыз активдердин эсебинен казнага канча акча түшкөнүн, алар эмнеге жумшалганын айтып келатышат. Бирок конкреттүү кайсыл адамдардан канча акча алынганы так айтылбайт.

Токаев ошондой эле калкка кайрылуусу маалында өкмөткө жакын арада Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министрлигин түзүүнү тапшырды.

Шерине

XS
SM
MD
LG