Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Чүйдүн Токмок шаарында жол кырсыгынан чарчап калган наристенин өлүмүнө байланыштуу мотоциклдин 23 жаштагы айдоочусу (Ф.Т.) кармалганын кабарлады.
Маалымат боюнча, 7-сентябрдын кечинде Токмок шаардык ички иштер башкармалыгына жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен наристе чарчап калганы тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүүдө Ленин көчөсү менен чыгыштан батышты көздөй бараткан мотоциклдин айдоочусу жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткени такталган. Наристе ошол эле жерде чарчап калып, 21 жаштагы апасы шаардык оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Милиция тергөө амалдары жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чечим кабыл алынарын билдирди.
Маалыматка караганда, жолдошу аялы жана 10 айлык наристеси менен жолдон өтүп баратканда жол кырсыгына кабылган. Kaktus.media порталы Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына шилтеме берип, алар жөө адамдар өтүүгө тыюу салынган жерден өтүп баратышканын жазды. (BTo)
Шерине