Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:54

Британия Рамзан Кадыровдун энесин санкциялык тизмеге кошту


Рамзан жана Аймани Кадыровдор
Рамзан жана Аймани Кадыровдор

Улуу Британия жана Австралия 3-сентябрда Орусияга карата санкциялык тизмени кеңейтти.

Британия бул тизмеге Орусияга караган Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыровдун энеси Айманини, Акмат Кадыров атындагы фондду кошту.

Мындан тышкары бийликчил "Биринчилер кыймылы", "Жеңиш ыктыярчылары" жаштар уюмдары, Татарстандын өкмөт башчысынын орун басары Лейла Фазлеева, Чеченстандын Ички иштер министрлигинин Кадыров атындагы атайын багыттагы полкунун командири Замид Чалаев, британ бийлиги украиналык балдарды Орусияга мыйзамсыз чыгарып кетип, аларды индоктринациялоого катышы бар деп эсептеген бир нече аткаминер да кошулду.

Австралиянын тышкы иштер министри Пенни Вонг да шаршембиде Украинадагы согушка жардамдашкан жана саясий оппозициянын үнүн басууга аралашкан деген негизде орусиялык 14 жаранды "кара тизмеге" киргизди.

"Сиренанын" маалыматына караганда, тизмеде орус президенти Владимир Путинге жакын ымаладагы ишкер Ильгам Рагимов, Урал тоо-металл компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Андрей Козицын, Татарстандын мурдагы президентинин уулу Радик Шаймиев, Москва мэринин орун басары Максим Ликсутов жана медиа менежер Кристина Потупчик бар.

Вонг бүгүн орус оппозициясынын лидерлеринин бири, маркум Алексей Навальныйдын жесири Юлия менен жолугушарын айтты.

Жаңы санкциялар Австралия бийлигинин Навальныйды куугунтуктоого катышы барларга карата буга чейин кабыл алган чечимдеринин уландысы экенин белгилеп, орус бийлигин 2024-жылдын январындагы оппозиционердин түрмөдөгү табышмактуу өлүмүнүн чоо-жайын иликтөөгө чакырды.

Шерине

XS
SM
MD
LG