Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:41

Ростовдо темир жол бекетине дрон чабуулунан 30га чукул поезд каттамы кармалууда


Ростов шаарындагы көп кабаттуу үйгө буга чейин дрондун сыныгы тийген. 14-август, 2025-жыл
Ростов шаарындагы көп кабаттуу үйгө буга чейин дрондун сыныгы тийген. 14-август, 2025-жыл

Орусиянын Коргоо министрлиги 3-сентябрга караган түнү Украинанын 105 дрону беш аймакта, аннексияланган Крымда жана Кара деңиз жана Азов деңизинин аймагында атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Маалыматка караганда, Ростов облусунун үстүндө 25 учкучсуз учак жок кылынды. Облустун губернаторунун милдетин аткаруучу Юрий Слюсар Кутейниково темир жол станциясында дрон соккусу байланыш түйүнүнүн ишин үзгүлтүккө учуратканын билдирди.

"Станциянын имаратынан түн ичинде жүргүнчүлөр жана кызматкерлер эвакуацияланды. Эч ким жабыркаган жок. Учурда имарат курчоого алынды. Саперлор тартылды", — деп жазган ал. Анын айтымында, станциянын чатырында жарылбай калган снаряд тийген.

Орусия темир жолдору мекемеси билдиргендей, чабуулдан улам 26 жүргүнчү поезд каттамы кармалууда.


Шерине

XS
SM
MD
LG