Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:44

Бээжиндеги парадда Кытай курал-жарактын жаңы түрүн көрсөттү


Бээжиндеги парадга катышкан өлкө башчылары
Бээжиндеги парадга катышкан өлкө башчылары

Бээжиндин Тяньаньмэнь аянтында 3-сентябрда Япониянын капитуляциясынын жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 80 жылдыгына арналган парад өттү.

Анын башкы коноктору - Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин оң жагында, Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын сол капталында отуруп парадды көрүштү.

Анда жаңы куралдардын көргөзмөсү болду.

Түз эфирде болгон парадда Путин, Ким Чен Ын жана Си Цзиньпин парад башталар алдында чогуу трибунага чыкты, алардын артынан башка башчылар басып келди. Жалпысынан парадга 20дан ашуун мамлекет башчы катышты.

«Адамзат дагы бир жолу тынчтык менен согуштун, диалог менен тирешүүнүн, жеңиш менен утулуунун ортосунда тандоо алдында турат», - деди Кытай лидери өз сөзүндө.

Ал парад алдында аскерлердин даярдыгын көрүп жатып, «Кытай улутунун кайра жаралышын эч ким токтото албайт» деп айтып, дүйнө өлкөлөрү «согуштун түпкү себептерин жоюуга жана тарыхый трагедиялардын кайталанышына жол бербөөгө» тийиш экенин айтты.

Би-би-си билдиргендей, Бээжиндеги аскердик парадда көрсөтүлгөн жаңы курал-жарактын ичинде DF-5C континенттер аралык баллистикалык ракетасы, AJX002 суу алдындагы дрондору жана лазердик жабдык бар.

Бээжинде Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары, анын ичинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да жүрөт. Көбү Кытайга 31-августта барышып, Тяньцзинде Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG