Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:38

Түштүк Корея: Пхеньян Орусияга дагы 6 миң аскер жиберет


Ким Чен Ын чет өлкөлөрдөгү операциялар бөлүмүнүн командирлери менен жоокерлерин сыйлоо учурунда.
Ким Чен Ын чет өлкөлөрдөгү операциялар бөлүмүнүн командирлери менен жоокерлерин сыйлоо учурунда.

Түндүк Корея Орусияга кошумча 6000 аскер жиберүүнү пландап жатканын Түштүк Кореянын Yonhap маалымат агенттиги билдирди.

Маалымат өлкөнүн мыйзам чыгаруучулары үчун жабык брифингде Түштүк Кореянын чалгындоо кызматынын өкүлдөрүнүн отчет бергенде айтылган.

Бул Украинага каршы согушта орусиялык аскерлерди колдоо үчүн Орусияга жөнөтүлгөн Түндүк Корея аскерлеринин үчүнчү партиясы болот. Агенттик өткөн жылдан бери Түндүк Корея Орусияга жалпысынан 13 миңге жакын аскерин жибергени, алардын 2 миңдейи Орусиянын Курск аймагындагы салгылашууларда курман болгон деген чалгындын маалыматын эске салды.


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 2-сентябрда Бээжинге барган. Ал жакта Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен биргелешкен иш-чараларга катышары айтылган.

Си, Ким жана Путин 3-сентябрда Кытайдын Элдик боштондук армиясынын Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 80 жылдыгына арналган парадга катышты.

Шерине

XS
SM
MD
LG